Menu

Темирлан Аскеров: “Эгер Асилбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшыра турган болсо анда кийинки бутага Сооронбай Жээнбеков илинет” – Кайрылуу

Бөлүшүү:

Жарандык активист Темирлан Аскеров КР Президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады:

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековго кайрылуу.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Эгерде  “Айкөл Ала-Тоо” бирикмесинин талабы боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаты Асилбек Жээнбеков өзүнүн депутаттык мандатын тапшыра турган болсо анда белгилүү бир саясый топтун кийинки бутасы жеке сиз өзүңүз болосуз.

Сизди өлкөдөгү коомдук тартипти камсыз кылуучу мамлекет башчысы, Конституциянын гаранты катары бардык керектүү коопсуздук чараларды көрүүңүздү суранам. Жарандарга өлкөнүн стабилдүүлүгү, эртеңки күнгө ишеним керек, Ошондуктан өзүн “коомдук” деп атаган айрым бир уюмдардын аракеттерин тез арада кескин токтотушуңуз зарыл. Депутаттык мандатты тапшырууну соттон жана депутаттын өзүнөн башка эч ким талап кыла албайт. Депутаттарды эл шайлайт!

“Айкөл Ала-Тоочулар”,  силер каза болгон баатырлардын жаркын элестерин өзүңөрдүн  тар кызыкчылыктарыңар үчүн пайдаланбагыла жана булгабагыла. Силердин бир адамдын кызыкчылыгы үчүн саясат менен ойноого эч кандай укугуңар жок. Эл өлкөнүн дестабилдешине жана дегерадациясына мындан ары чыдабайт.

Темирлан Аскеров, жарандык активист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: