Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Си Цзиньпинди Кытай Эл Республикасынын Төрагасы кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-мартта Си Цзиньпинге Кытай Эл Республикасынын Төрагасы кызматына кайрадан шайлангандыгына   байланыштуу куттуктоо телеграммасын жолдоду.

“Сиздин Кытай Эл Республикасынын Төрагасы кызматына кайрадан шайлангандыгыңызга   байланыштуу чын жүрөктөн чыккан  куттуктоомду кабыл алыңыз.

Жалпы кытайлык элдик жыйындын өкүлдөрүнүн он үчүнчү сессиясынын жыйынтыктары  ички жана тышкы саясатта Сиз жүргүзгөн багытка карата   жогорку ишенимди көрсөттү. Сиздин тажрыйбаңыз жана көрөгөчтүгүңүз Кытайдын жаңы ийгиликтерине сөзсүз өбөлгө болот деп ишенем.

Кыргызстан эки тараптуу дагы, эл аралык деңгээлде дагы достукка, жакшы коңшулаштыкка, түшүнүшүүгө жана  өз ара пайда табууга негизденген кыргыз-кытайлык стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө зор маани берет.

Өлкөлөр ортосунда  мамилелердин ыкчам өнүгүп жаткандыгына канааттангандыгымды билдирем.  Сиз менен бирге өлкөлөрүбүздүн элдеринин кызыкчылыгы үчүн кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө жана  терендетүүгө күч аракет жумшоого даярмын. Сиз менен жакын арада Кытайда жолугушам деген үмүттөмүн.

Сизге чың ден-соолук жана мамлекеттик ишмердигиңизде мындан аркы ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Кытай элине – бакубатчылык, тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм”, -деп айтылат Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай  Жээнбековдун куттуктоо телеграммасында.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − 48 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: