Menu

Путин алдыдагы пландары жана жаңы премьер-министр жөнүндө айтты

Бөлүшүү:

Болжолдуу маалыматтар боюнча шайлоодо 76 пайыздан көп добуш менен жеңишке жеткен Орусиянын президенти Владимир Путин тарапкерлерине ыраазычылык билдирип, жаңы мөөнөтүндөгү пландары жөнүндө айтты.

Путин азырынча Конституцияны өзгөртүүнү пландабаганын жана жаңы премьер-министрдин талапкерлиги тууралуу ойлоно электигин билдирди. Ошол эле маалда ал учурдагы өкмөт башчы Дмитрий Медведевдин кызматта калар-калбасы жөнүндө берилген суроого жооп берген жок.

Путин дагы бир президенттик мөөнөт тууралуу суроону «бир аз күлкүлүү» деп атады: «Мен эмне, 100гө чыкканча отурмак белем? Андай болбойт».

Андан мурдараак Москванын Манежный аянтында өткөн «Орусия. Севастополь. Крым» деп аталган митингде сүйлөгөн Путин шайлоого катышкан бардык жарандарга ыраазычылыгын билдирген.

“Силер – биздин жалпы командабызсыңар. Бүгүн добуш берген жарандардын бардыгы – биздин жалпы улуттук чоң командабыз болуп эсептелишет”, – деген ал.

Андан соң Путин өлкөнү биримдикке чакырып, «Орусияны ийгиликтер күтүп турганын» айтты.

Бюллетендердин 80 пайызы саналып бүткөндөн кийин Путин 76,18% менен алдыда. Экинчи орунда Коммунисттик партиянын талапкери Павел Грудинин ( 12,3%) келатат.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: