Menu

Астана: ЕАЭБ саясий уюм эмес

Бөлүшүү:

Чет өлкөнүн жарандары үчүн виза режимин киргизүү же жоюу ар бир эгемендүү өлкөнүн өз укугу. Мындай пикирин Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ануар Жайнаков өлкөнүн АКШ жарандарына визасыз режим киргизгендиги тууралуу Орусия ТИМ башчысы Сергей Лавровдун билдирүүсүнө жооп берип жатып айтты.

Орусия ММКларынын билдиргенине караганда, өткөн жумада Лавров Казакстандын америкалыктарга визасыз режим киргизиши казак-орус мамилелерине кандай таасир этиши мүмкүндүгү жөнүндөгү суроого жооп берип жатып, Казакстандын бул чечими Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) макулдугун талап кыларын айткан.

Жайнаковдун айтымында, 2017-жылдын 1-январынан тарта 45 өлкөнүн, анын ичинде АКШнын жарандарына Казакстан аймагына визасыз кирүү укугу берилген.

Жайнаков ЕАЭБ саясий уюм эмес экенин белгиледи. Анын айтымында, ЕАЭБ тууралуу келишимге кол коюуда биримдикке мүчө өлкөлөр «аны саясатташтыруудан жана компетенциясына улуттун көз карандысыздыгына тиешелүү маселелерди киргизүүдөн атайылап баш тартышкан».

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: