Menu

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди Россия Федерациясынын Президентин шайлоодогу жеңиши мененен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти кызматына кайрадан шайланышына байланыштуу Владимир Путинге куттуктоо телеграммасын жөнөттү.

«Сиздин Россия Федерациясынын Президенти кызматына кайрадан шайланышыңызга байланыштуу чын жүрөктөн куттуктоомду кабыл алыңыз!

Өткөн президенттик шайлоолордогу Сиздин ишенимдүү жеңишиңиз Сиздин өзүңүзгө жана Сиз тандаган ар тараптуу өнүгүүгө жана Россия мамлекетинин турмушунун бардык чөйрөлөрүн бекемдөөгө, Россиянын эл аралык аренадагы позициясын чыңдоого, регионалдык жана  глобалдык коопсуздукту камсыз кылууга карай багытка бүткүл элдик ишенимдин ачык-айкын күбөсү болуп саналат.

Кыргызстан менен Россия ортосундагы союздаштыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин терең канааттануу менен белгилейм. Биргелешкен аракеттер менен кыргыз-россиялык өз ара пайдалуу кызматташтык салтка айланып калган достуктун жана ишенимдин нугунда мындан ары карай да тереңдей бере турганына ишенем.

Учурдан пайдаланып, урматтуу Владимир Владимирович, Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана эң жогорку мамлекеттик кызматыңызда ийгиликтерди, ал эми Россиянын бардык элине – тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм!», – деп айтылат Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай  Жээнбековдун куттуктоо телеграммасында.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: