Menu

Кеңешбек Дүйшөбаев, генерал-лейтенант: “Мен ТЭЦти модернизациялоо боюнча сүйлөшкөнүмдө, кытайлык компания 180 миллион долларга бүткөрө турганын айткан”

Бөлүшүү:

— Кеңешбек мырза, күч органдарындагы өкүлдөрүбүзгө коомчулуктун эле эмес, өлкө башчыларыбыздын да кыжырдануусу ачыкка чыкты. Өкмөт башчыбыз болсо милицияны “полиция” кылып өзгөртүүнү демилгелеп жатат. Атын өзгөрткөндө эле тармактагы “акмакчылык” иштер токтоп, баарысы “жипке тизгендей” боло калабы?

— Туура, соңку убакта эл арасында сот, прокурорлорго, күч органдарындагы кызматкерлердин иштерине карата кыжырданган маанайдагы өйдө-төмөн сөздөр көп болууда. Президент Сооронбай Жээнбеков да бул тууралуу 8-февралда коопсуздук кеңешинин жыйынында абдан туура белгилеп, сын-пикирлерди айтып өттү. Күч органдары менен сот, прокуратура органдарына коомчулук менен президенттин айткан сын-пикирлери негиздүү. Сот, прокуратура жана укук коргоо органдарынын ишин такыр башка нукка буруп, жогорку, жаңы деңгээлге алып чыгуу бүгүн эң көйгөйлүү маселелердин бирине айланды. Азыр милицияны “полиция” деп атап, атын өзгөртүүгө аракет кыла башташты. Бул боюнча атайын жумушчу топ да түзүп, “урунттуу иштерди жасап жатабыз” дегендери мен үчүн такыр түшүнүксүз жагдайды жаратууда. 2016-жылдын июль айында ошол кездеги президент Атамбаевдин жарлыгы менен күч структураларын реформалоо боюнча комплекстүү иш-чаралар кабыл алынган. Ошондо эң жогорку деңгээлде коомчулуктун, өкмөт структураларынан турган жумушчу топ түзүлүп, атайын белгиленген иштерди аткаруу жумушчу топко жүктөлгөн эле. Бүгүн ошол указды аткаруу боюнча эмне жумуштар жүргүзүлүп жатат? Кандай маселелер чечилди?  Жасалган иштердин жыйынтыгы кандай деңгээлде болгондугу боюнча бир ооз сөз жок. Анан эле милицияны “полиция кылабыз” деп ошонун тегерегинде чуркап калышканы мен үчүн да түшүнүксүз болууда. Бул негизи туура эмес. Андан көрө атына эмес затына, иштин мазмунуна карашпайбы? Жумушчу топтун үстүнө кайрадан жумушчу топ түзө бербей, буга чейин жогорку деңгээлдеги указдын негизинде түзүлгөн жумушчу топко эле ушул иштердин баарысын тапшырып, убакытты дайындап, иштин аткарылышы боюнча сурап турушубуз керек. Ошондо гана конкреттүү иштер болмок.

— Бишкек ТЭЦтеги улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген жагдайлар жана коррупциялык элементтер боюнча не дейсиз?

— Азырынча депутаттык комиссиянын жыйынтыгын күтө туралы. Мен ушул жерден ушул ишке байланыштуу өзүмдүн башымдан өткөн бир окуяны баса белгилеп айткым келип турат. 2013-жылдын март айынан 2015-жылдын апрель айына чейин ШКУнун башкы катчысынын орун басары болуп Кытайда иштеп калдым. 2013-жылдын жай айларында мага кытайлык жылуулук тармактар боюнча жабдуу иштерин жүргүзгөн бир чоң компаниянын өкүлдөрү келишип, сүйлөшүүнү суранып калышты. Аларды кабыл алып, пикирлерине кулак төшөсөм “ушул тапта силердин өкмөтүңөрдүн өкүлдөрү жылуулук тармагыңарды реконструкциялоо боюнча Кытайдын чоң ишканалары менен сүйлөшүп жатышат. Биздеги маалымат боюнча жылуулук борборун модернизациялоонун баасы 180 миллион доллардын тегерегинде бүткөрүлүшү керек. Бирок, силердин өлкөнүн өкүлдөрү менен Кытай фирмасынын ортосундагы сүйлөшүү 380 миллион доллардын тегерегиндеги суммага сүйлөшүү жүргүзүп жатышат. Бул өтө чоң жана туура эмес сумма. Биз иликтеп көрүп, сизди тандадык, анткени, сиз Кыргызстандагы абройлуу инсан катары өлкө жетекчилер менен сүйлөшө турган адам экенсиз. Ушул маселелерди өзүңүздүн жетекчилигиңизге билдирбейсизби? Биз силердин Бишкек ТЭЦин 180 миллион долларга модернизация кылып, бүтүрүп берели. Ошондо силердин өлкө 200 миллион долларга жакын каражатты үнөмдөп калат элеңер. Бул силердин элиңер менен мамлекетиңер үчүн жакшы иш болмок. Ал эми иштин сапаты, жасалган көлөмү, берки компаниядан кем эмес, ашса ашат, алды кем калбайт эле” деген өңдүү сунуштарын айтып келип, соңунда “Кыргызстанда чоң маселелер кандай чечилерин биз жакшы билебиз, туура түшүнүңүз, 180 миллион долларга ТЭЦиңерди бүткөрүп берели, жетекчилигиңер макул болсо сумманы 280 миллионго бүтүрүп, баардык тараптардын “кызыкчылыктарын” эске алалы. Ошондо деле Кыргызстан 100 миллион долларды үнөмдөп каласыңар” дегендей айтышты. Бирок, мен баардыгы мыйзам чегинде чечилиши керек экенин айттым.

— “Кызыкчылыгы” болгондо, берки 100 миллион долларды тиешелүү чиновниктерибиздин “тамагын майлоо” менен “батасын алууга” коротолу дегендей кылышкан го ээ?

— Образдуу салыштырганда, ачык айтышпаса дагы ошондой маанини кыйытышты. Мен жылуулук тармагында мурда-кийин иштеп көрбөгөндөн кийин алардын сунушун биздин жетекчиликке жеткирүүнү убадалап, алардын аманатын биздин айрым жетекчилерибизге айтып, 180 миллион долларга бүткөрүп берүүнү, башка “кызыкчылыктарга”100 миллион доллар убада кылып жатканын айтып сүйлөшсөм, алар мага “бул иш эң жогорку жетекчилердин көзөмөлүндө турат, мындан башкача чечилиши мүмкүн эмес” деп калышты. Муну айтып жатканым, учурда ТЭЦтеги абалды иликтеген парламенттик комиссия каржылык фактыларды четинен чубап жатканынан улам бул иште алынган насыя менен аткарылган иштерде чоң айырмачылыктардын чыгып жатышы алдын ала маалым болууда. Депутат Мыктыбек Абдылдаев “Бишкек ТЭЦиндеги жагдайда каржылык, техникалык негиздемесинде 150 миллион сом үчүн документтер бар экен. А калган суммага документтер жок экен” дегендей пикири жөн эмес, негиздүү болгондугуна мен ошондо түшүндүм. Азырынча депутаттык комиссиянын жыйынтыгын күтө туралы. А калган жагдайларды убакытка жараша көрө жатарбыз. Акыр аягына чейин кызык фактылары чыгып, иштин аныгынын чоо-жайы толук билинет да.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: