Menu

Жаздын  “желаргысы”  күчөйбү,же…

Бөлүшүү:

Дамайым ушул март айында  кышы менен чээнде жаткандар кыймылга келишет. Ар кандай ураандарды токуп алгандар бар. Кайсы бир топтогулар элди жадаткан “Кетсин, жоготуш керек” деген лозунгаларын колу үзүлгөнчө көккө серпип бултактатышат. Эми алардын катмары жука болгону менен “дымактарына” чабети бышаары да күмөн.  Учурдагы президентке, бийлик башындагыларга ичи эзилип турат деген кептин чындыгы жок. Айрыкча кеткен ажонун артынан чабуул  коюга булар баш оту менен кирип кетишкен. Анткени ызааланып, топтой кызматтан ыргып кеткендер, көмүскөдөгү кимдир бирөөнүн өтүнүчүн аткаргандар жыртая басып алсыз үнүн чыгарууга куштар. Бирок, булардын “темир калканчы” болгондор деле өпкөлөнгөнүнөн улам “аутсайдер” болушканы калп эмес.

Арийне, үзүлбөгөн үмүт менен жашоого ык алганбыз. Айрыкча карапайым адамга кыргыз өлкөсүнүн бейпилдиги алдыңкы орунда турат. Өз мээнети аркылуу жанын баккандарга күндүн берекелүү болушу, даркан талаанын кызуу эмгекке чулганышы, балдардын келечегине кам көрүлүүсү  башкы маселеден. Аларга бийликкке ким келгени, кайсылар түлөгөн тайлактай болуп жүргөнү, коррупция дегендин түсү кандай экени  кызыксыз. Андан көрө быйыл эгинди кантип мол алуу керектигине, төрт түлүк малын эртелеп жайлоого чыгарууга, туристтердин арбын болушуна ниетин бурганы учурга туура келет.

Ооба, тирүүчүлүктө жакшы менен жаман, адал менен арам, дос менен душман, боорукер менен таш боор катар жүргөнүн танууга болбойт. Жаздын “желаргысына” азгырылып, тескери ишке жан тарткандардын деле “жүрүштөрдү жасоодон” бети агарып кетпеси маалым. Бирок, алардын  арам ойлорун алаканга салгандай баамдап тургандардын пикирлери эч убакта дал келишпейт. Ошол үчүн мамлекет артка кетпей оң багытта кармалып турат. Бөлөк идеологиянын  “саркындысы” болгондордун, жалаң өз керт башынын  кызыкчылыгын ойлогондордун, өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоолдук жараткандардын колу кыска болорун деле айта кетсек акыйкаттуу болот. Биз жарык,туруктуу  кыргызстан үчүн  жашоого бет аларыбызды  жашырбайбыз.

Булак: “Ачык сөз” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: