Menu

Өкмөттө кризис – өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң араба сынат…

Бөлүшүү:

Өкмөт башчысы Сапар Исаковдун иши улам бир кыйчалыш абалга кептелип,«Жаңы доорго – кырк кадам» программасынын сапары байсалдуу болбой жатат. Улам бир тоскоолдуктар жаралып, күтүлбөгөн жерден саясий-экономикалык орчундуу көйгөйлөргө тушугуп, чечкиндүү чара көрүүгө мүмкүнчүлүгү жетпей жатат. Канчалык жакшы иштерди жасоого жан үрөгөн сайын иши жүрбөй, тескери кетүүдө. Мистикага ишенсек, кимдир бирөө дубалап, жолун бууп салганбы дейсиң…

Алсак, өкмөт башчы болуп жа­ңы дем, жаңы күч менен прогрессивдүү идеяларды ишке ашыруу тууралуу «Жаңы доорго – кырк ка­дам» программасын коомчулукка оңдуу тааныштырып үлгүрө электе, Технократ аталган командасынын ишенич арткан «көзүрлөрү» чилдей тарап кетти. Вице-премь­ер министр Дүйшөнбек Зилалиев ээн ооздугунун айынан кызматы улам төмөндөп отуруп, учурда көчөлөп калды. Толкунбек Абдыгулов Улуттук банкын жакшы экен деп жоопкерчиликтен качып, жанына тынч кызматка куйрук түйүп кетти. Жакынкы күндөрү эле Маалыматтык технология жана байланыш комитетинин жетекчиси Нурбек Абасканов өз көмөчүнө күл тарткан жоругу үчүн кызматтан алынды. Аппарат башчысы Нурханбек Момуналиев эл аралык документтерди талапка шайкеш даярдай албаган шалаакылыгы үчүн иштен кетти. Юстиция министри Уран Ахметов менен Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчиси Медетбек Айдаралиев ишенип тапшырылган кызматтарын татыктуу аркалай албай жатканы үчүн Жогорку Кеңеш бул эки министрди кызматтан алуу талабын койду.

Айтор, эч бир иш чеке жылытаарлык деңгээлде жүрбөй жатканына туталанган өкмөт башчы Сапар мырза аткаруучулук тартипти начар уюштургандыгы, так эмес жана сапатсыз маалыматты бергендиги үчүн Архитек­тура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевге, Юстиция министри Уран Ахметовго, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимовго, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Азамат Эркебаевге, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун статс-катчысы Илияз Ташбаевге, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын статс- катчысы Абдухалык Шамшиевге, Экономика министри Артем Новиковго, Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиевага, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жа­на мелиорация министри Нурбек Мурашевге, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин терагасы Уланбек Рыскуловго, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агент­тигинин директору Абдыкалык Рустамовго, Архитектура, куру­луш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агентти­гинин директору Бактыбек Абдиевге, Саламаттык сактоо ми­нистри Талантбек Батыралиевге сөгүш жарыялады. Албетте, сөгүү менен маселе чечилип кетпесин эске алганда, өкмөт башчысынын командасы толугу менен «шал» болуп чыкты. Бул бир жагы.

Экинчи жагы, ар бир баштаган долбоору жыйынтык бербей ара жолдо калып, аброюна көлөкө түшүрүүдө. Маселен, Чехиялык “Liglass Trading” компаниясы менен Кыргызстанда ГЭС куруу тууралуу келишимге кол коюп, анысы ишке ашкан жок. Аталган компания аферист болуп чыгып, келишимден кол үздү. “MegaCom” компаниясын сатуу боюнча орусиялык жеке ишкер Елена Нагорная менен сүйлөшүү жүргүзүлүп, бул максаты дагы орундалбай, ал ишкер менен келишим түзүлбөй калды. “Акылдуу шаар”долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча кытайлык “Huawei Technologies” компаниясы менен түзүлгөн келишим да токтотулду. Жалпы баасы 60 мил­лион долларлык долбоордун алкагында Бишкек жана Ош шаарларына жана үч кан жолго көзөмөл камералары орнотулмак. Эми Өкмөт бул долбоорду өз күчүбүз ме­нен кайсы бир убакта эл аралык донорлордун, потенциалдык инвесторлордун жардамы менен ишке ашырабыз деп турат. Кайсы бир убак дегендин өзү, бул долбоор тамам болду дегенди түшүндүрөт.

Үчүнчүдөн, какаганга муштаган болуп, 386 миллион долларга мо­дернизация болгон ТЭЦ 30 градустук суукту көтөрө албай аварияга учурап, андагы коррупциянын уюгу коомчулукту үрпөйтү. Өкмөт башчы Сапар Исаков талапка ылайык чечкиндүү чара көрө ал­бай, элдин сынына кептелди. ТЭЦтеги 600 долларлык аттиш менен 14 500 долларлык видеокамералар элди аябай нааразы кылды. Айтор, Өкмөт башчысы «өйдө тартса өгүз өлөт, ылдый тартса арба сынат» болгон кырдаалды баштан кечирүүдө. Бул абалдан татыктуу чыга алабы деген маселе күндүн күрөө тамыры болуп турат.

Эгер өкмөт башчысы Сапар Исаков командасы менен Жогор­ку Кеңешке апрель айында отчет бергени келгенде экономикалык-социалдык көрсөткүчтөрдү жакшырта алганын факты, аргумент менен бекемдеп бере албаса, Өкмөткө жалаң жаштар келип эмнени кыйратты дегенге өбөлгө түзүлөт. Бул жагдай жарала турган болсо жаштардын репутациясына көө сүртүлүп, бийликке аралашуусуна бөгөт коюлат. Мындай кара так пайда болсо, коомчулук, өзгөчө жигердүү, илим-билимдүү жаштар кечирбейт…

Алмаз ТЕМИРБЕК уулу

Булак: Фабула 

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: