Menu

Жогорку сот менен башкы прокурордон Асет Матаевдин ишин көзөмөлгө алууну сурашууда

Бөлүшүү:

КазТаг маалымат агенттигинин мурдагы башчысы Асет Матаевдин адвокаттары Казакстандын Жогорку соту менен башкы прокурорунан чечим кабыл алууда калыс жана адилет болууну, бул ишти көзөмөлгө алууну суранышууда.

19-мартта “Адил сөз” уюмунун башчысы Тамара Калеева жана Казакстан Журналисттер бирикмесинин төрагасы Сейтказы Матаев басма сөз жыйынын өткөрүп, Асет Матаевди жатак абакка которуу өтүнүчүн четке каккан соттун чечимин айыпташты.

Сейтказы Матаев уулунун жазасы саясий себептерден улам жеңилдетилбей жатат деген пикирин билдирди. «Мен түрмөдөн 4-декабрда чыктым жана эч жерде саясий билдирүү жасаган жокмун. Менин башкы максатым – баламды эркиндикке чыгаруу. Кеп уулумдун тагдыры тууралуу болуп жаткандыктан, бул маалымат жыйынына катышууга бел байладым», — деди ал. Сейтказы Матаевдин айтымында, уулу Асет Матаев азыр деле КазТАГ маалымат агенттигинин жетекчиси анын кызматтан алуу боюнча чечим болгон эмес.

Өткөн аптада Капшагай шаардык соту 33 жаштагы Асет Матаевдин калган жазасын жатак абакта өтөө тууралуу берилген доо арызды канааттандырган эмес.

2016-жылы 3-октябрда КазТАГ агенттигинин жетекчиси Асет Матаев акча кымырууга жардам берген делип, беш жылга эркинен ажыратылган. Казакстан Журналисттер бирикмесинин жана Улуттук пресс-клубунун жетекчиси Сейтказы Матаев мамлекеттин акчасын кымырууга жана салык төлөөдөн качууга айыпталып, алты жылга кесилген. Экөөнүн тең мүлктөрү конфискацияланган. Аларга мамлекеттик жана коммерциялык жетекчилик кызматтарда иштөөгө өмүр бою тыюу салынган. 2017-жылы 63 жаштагы Сейтказы Матаев шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурун эркиндикке чыккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 66 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: