Menu

Каныбек Осмоналиевге карата кылмыш иши жанданды

Бөлүшүү:

УКМКнын коррупцияга кар­шы күрөшүү кызматы профес­сор Каныбек Осмоналиевди 16-мартта суракка чакырды. Бул тууралуу Каныбек Осмоналиевдин адвокаты Жыргалбек Бабаев билдирди. Көрсө, мындан 3 жыл мурун Каныбек Осмоналиевге 304-кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген берене менен иш козголуп, бирок Башкы прокуратура кыскартып салган кылмыш иши жанданыптыр. Сыягы, президент Сооронбай Жээнбековдун кыскарган жана токтотулган кылмыш иштерин кайрадан карап чыгуу тапшырмасынан кийин унутта калып бараткан иштер кайрадан жандана баштады көрүнөт.

Эске салсак, Каныбек Осмоналиевге 2014-жылы Жогорку Кеңеш депутаты болуп турганда Кыргыз-орус славян университетинин медицина факультетине 24 абитуриентти мыйзамсыз өткөрүү боюн­ча козголгон. Каныбек Осмоналиев ал учурда парламенттин билим, илим, спорт жана маданият боюнча комитетин жетектеп турган.

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: