Menu

Путин 76, 41% добуш менен алдыга чыкты

Бөлүшүү:

Россияда 18-мартта өткөн президенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыктары чыкты. Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясы тараткан маалыматка караганда, Владимир Пу­тин 76,41% добуш алып алдыга чыкты. Экинчи орунда 12.05% менен Коммунисттик партиядан Павел Грудин турат. Либералдык-демократиялык партиянын лидери Владимир Жириновскийге шайлоочулардын 5,85%ы, тележурна­лист Ксения Собчакка 1,59 пайызы добуш берген. Кал­ган төрт талапкер бир пайызга жетпеген добуш топтошкон.

Натыйжада 65 жаштагы Путин буга чейинки шайлоолордон кыйла көп до­буш топтоду. Ал 2000-жылы 53%га жетпеген до­буш алса, 2004-жылы жана 2012-жылдагы президенттик шайлоолордо добуштардын 71% ашыгыраагына ээ болгон. Дагы алты жылга президент болуп шайланып жаткан Владимир Путин Кремлдин алдында чогулган тарапкерлерине ыраазычылык билдирип, “Бизди ийгилик күтүп турат”, – деп айтты. Россиядагы президенттик шайлоого Кыргызстандан 13 миңден ашык адам добуш берди. Добуш берүү Бишкек, Ош, Кант, Каракол, Чолпон-Ата жана Кара-Балта шаарларында уюштурулган. Шайлоочулардын активдүүлүгү Бишкекте жана Ошто байкалды. Россиянын Кыргызстандагы элчилигинде орус жарандыгы бар 20 миң адам каттоодо турат.

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

+ 15 = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: