Бишкек-Ош унаа жолунда (132-137, 198-255 чак.) коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2018-жылдын 15-мартынан 21-мартына чейин кар көчкү коркунучу бар аймактарда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.
Ошого байланыштуу адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КРнын Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасы–Премьер-министрдин 2018-жылдын 14-мартында №8 буйругу чыккан.
Жогорудагы иш-чараларды Бишкек-Ош унаа жолунун 132-137, 198-255-чакырымдарында жүргүзүү үчүн, 2018-жылдын 19-март күнү туман түшкөндүгүнө байланыштуу кар көчкүлөрүн атайын атып түшүрүү иш чаралары убактылуу токтотулду.
КР КК ГШ артиллериялык эсеби Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында жайгашкан Итагар станциясында түнөп калышкан.
Кар көчкүлөрүн атайлап атып түшүрүү иш-чаралары 2018-жылдын 20-мартында улантылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ