Menu

Билим берүү тармагы-көңүл борборунда

Бөлүшүү:

Ноокат районундагы Кулатов атындагы айыл аймагы Ош облусунда гана эмес, республикадагы алдыңкы өкмөттөрдүн бири. Бул аймакта сырттан инвестиция тартууга олуттуу көңүл бурулуп, «Түштүк цемент заводу», «Береке кен», «Айдоочу», «Кызыл кыя көмүр кен» сыяктуу тоо кен казуучу ишканалардын иштөөсүнө жагымдуу шарт түзүлүп жаткандыктан, айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин көлөмү жыл сайын артып жатат. Өткөн жылы анын жалпы суммасы 43 млн сомду түздү.

Кулатов атындагы айыл аймак жыл сайын өз алдына койгон план-тапшырмаларды ашыгы менен аткарып, анын дарегине ар дайым жылуу сөздөр айтылып келет. 2016-жылы райондо өткөн 2017-жылы облустта биринчи орунга чыккан.

Биз жакында аталган айыл аймактын башчысы Нурдин Мадумаровго жолугуп, билим берүү тармагын өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берүүсүн сурандык.

— Өткөн жылы биз бул багытта бир топ жакшы жумуштарды турмушка ашырдык. Ага жергиликтүү бюджеттин 47%ы жумшалды. Алсак, өткөн жылы Колдошов атындагы орто мектептин курулушун ийгиликтүү аяктадык. Азыркы учурда өзүбүздүн бюджетибиздин жана демөөрчүлөрдүн эсебинен Кызыл-Булак, Кош-Дөбө айылдарында балдар бакчасынын курулушу жүрүп жатат. Андан тышкары айыл өкмөттүн аймагындагы 10 мектептин, 6 балдар бакчасынын материалдык базасын чыңдоого олуттуу көңүл бурулуп жатат. Мектептерибиз, балдар бакчаларыбыздагы интернет мурда модем менен иштеп келсе, быйылкы жылда кабел менен тартылган интернет менен иштемекчи. Интернет менен иштөө мугалимдердин кесиптик адискөйлүгүн, окуучулардын билим деңгээлин көтөрүүгө шарт түзөт эмеспи. Мындай аракеттер өз натыйжасын берип, айыл аймагында орун алган мугалимдерибиз республикалык кароо сынактарда алыңкы орунга чыгып, башкаларга үлгү катары айтылып келет. Алсак, Тилебалды Айбашев атындагы орто мектептин социалдык педагогу, жаран таануу мугалими Нурманова Чынара облуста биринчи орунду жеңип алып, республикада да 1-орунга чыкты. Анын натыйжасында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сапар Исаков ага “Кыргыз республикасынын “эл агартуу мыктысы” деген наамды тапшырды. Ч. Нурманова жөндөмдүү, чыгармачыл, изденгич адис катары бир катар басылмалардын номинациясына ээ болду. Алардын ичинен республикалык “Ачык сөз” коомдук маалыматтык гезити ага “Ачык сөздүн” ажарлуу айымы” номинациясын ыйгарды. Бул номинацияны жакында мен жамаатын көзүнчө тапшырдым. Учурдан пайдаланып, алыс аймакта турган биздин мектеп мугалимдин эмгегин эске алгандыгы үчүн “Ачык сөз” коомдук маалыматтык гезитинин Жора Сулаймановго ыраазылык билдиребиз.

Айыл аймак тарабынан билим берүү тармагына ойдогудай көңүл буруп жаткандыгы мектеп окуучуларыбыздын билим деңгээлинин жогорулашына да таасирин тийгизип жатат. Алар жыл сайын райондук, облустук жана республикалык олимпиалардын жеңүүчүлөрүнөн болуп келишет. Быйыл Санабар Каратаева жетектеген Т. Бекиев атындагы орто мектептин 11 –класстын окуучусу Айзирек Максытова физика сабагы боюнча облустук олимпиадада биринчи орунга чыгып, 23–24-мартта өткөрүлө турган республикалык олимпиадага катышууга укук алды. Анын даярдыгы күчтүү, республикалык олимпиада да жеңүүчүлөрдөн болуп кайтат деген ишеним бар.

Маекти уюштурган: Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ, Ноокат району

Булак: “Ачык сөз”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: