Menu

Фоторепортаж – Сот  тутумунун  бир катар  кызматкерлери сыйланышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2018-жылдын 20-мартында, өлкөнүн  сот тутумунун кызматкерлерин  Нооруз  майрамы  менен Кыргыз  Республикасынын  Жогорку  сотунун  Төрайымы  Айнаш  Токбаева  куттуктады. Анда Төрайым “Эзелтен ата-бабаларыбыз Нооруз майрамын чоң үмүт, жакшы тилек, ачык маанай менен тосуп келишкен. Бири-бирине жакшылык, ийгилик, бакыт-таалай каалашкан. Нооруз менен башталган жазгы жандануу жерибизге ынтымак, биримдик, молчулук алып келсин!”-деп  билдирди.

Жыйында, сот тутумунун бир катар кызматкерлери  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн, Кыргыз  Республикасынын Юстиция  министрлигинин, Акыйкатчынын  атынан  куттуктоо  белектерине ээ  болушту.  Мындан  сырткары Кыргыз  Республикасынын  Жогорку  сотунун  Пленумунун  2018-жылдын  19-мартындагы Токтому менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку  сотунун “Сот тутумун өнүктүрүүдөгү салымы  үчүн” медалы, “Кыргыз  Республикасынын сот  түзүмүнүн мыктысы” ардак наам  жана Кыргыз Республикасынын  Жогорку  сотунун   Ардак грамотасы тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун “ Сот тутумун өнүктүрүүдөгү салымы үчүн” медалы менен  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы  Каныбек Бокоев, “Кыргыз Республикасынын  сот түзүмүнүн мыктысы”  ардак  наамы менен  Индира Айтбаева сыйланды. Ал эми Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Ардак грамотасы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын жарандык иштер боюнча соттук коллегиянын ишин  камсыздоо Башкармалыгынын башчысы  Сатарбек уулу Мирбек, Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьянын жардамчысы Гулнара Бейшенова, Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун консультанты Бектур Алайчиев, Жалал-Абад облусунун Аксы райондук сотунун бөлүм башчысы Рахат Иманбаева, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунун бөлүм башчысы Гульмира Калыбаева, Нарын облусунун Ат-Башы райондук сотунун бөлүм башчысы Райхангул Сламова  сыйланышты.

Мындан тышкары, сот системасын, конституциялык негиздерди өнүктүрүүгө, мыйзамдуулукту, адам укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоону камсыздоого кошкон салымы үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Сот системасынын кызматкерлеринин күнүн майрамдоого байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан энчилүү сааттар менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымынын  кеңешчиси Каныбек Акыев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын кадрлар, мамлекеттик  жарандык кызмат  жана иш кагаздарын камсыздоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Азамат  Кайыпов, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын  жазык  иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү  иштер боюнча  соттук коллегиянын ишин  камсыздоо башкармалыгынын башкы адиси Канатбек Сатиндиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук тажрыйбаны жалпылоо секторунун башчысы Саматбек Шералиев сыйланышты. Ал эми Кыргыз Республикасынын Премьер- министринин атынан  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  аппаратынын  жарандык иштер боюнча соттук  колегиянын  ишин  камсыздоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Нуржамал Асылбековага, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын  административдик  жана экономикалык иштер боюнча  соттук  коллегиянын  ишин  камсыздоо  башкармалыгынын  башкы адиси Айсулуу Момунбаевага, Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун аппаратынын жазык иштери жана  административдик  укук бузуулар жөнүндөгү  иштер боюнча соттук коллегиянын ишин камсыздоо  башкармалыгынын  башкы адиси Нурпериза Сагымбаевага, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  аппаратынын административдик жана  экономикалык иштер боюнча  соттук коллегиянын ишин  камсыздоо башкармалыгынын улук консультанты  Айгерим  Шамурзаевага Алкыш жарыяланды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстиция  министрлигинин “Юстициянын мыкты кызматкери” медалы менен   Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымынын орун басары  Качыке Эсенканов, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Соттук департаменттин директору Рустам Ибраимов сыйланышты.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Юстиция  министрлигинин “ Кызматташтык салымы үчүн” медалы менен  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Дильфуза Боронбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Арзыбек Акыев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Дильбар Кульматова,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Камиль Осмоналиев, Нарын облустук сотунун судьясы Нуркалый Асанбаев, Бишкек шаардык сотунун судьясы Жаңыл Мамбеталы, Жалал-Абад облустук  сотунун төрагасы Шаршенбек Камбаров сыйланышты.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстиция  министрлигинин Ардак грамотасы менен Жалал-Абад облусунун райондор аралык сотунун судьясы Нурила Каипова жана  Чүй облусунун Аламүдүн райондук  сотунун судьясы Аида Мусуралиева сыйланышты.

Мындан сырткары, ак ниет, үзүрлүү эмгеги жана жарандардын бузулган укуктарын калыбына келтирген салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ардак грамотасы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы  Бусурманкул  Бактыгулов сыйланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 81 = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: