Menu

Төрага Дастанбек Жумабеков эгиздер Ибрагим жана Ибрахим, алардын иниси Исмаил менен сүрөткө түштү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 20-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Нарын шаарындагы Калкты тейлөө борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Аталган жай калкты тейлөө борборун, жарандык абалдын актыларын жана жеке эсебин каттоо менен жарандарды паспорттоштуруу бөлүмдөрүн камтыйт. Учурда анда жыйырма жети кызматкер эмгектенет.

Калкты тейлөө борборунан чыгып бара жатып, Төрага Дастанбек Жумабеков үч небересин ээрчиткен жергиликтүү тургундар Эрнис Орозбаев менен Нурайым Кадыровага жолукту. Эгиздер Ибрагим менен Ибрахимге жана алардын иниси Исмаилге узун өмүр тилеген Жогорку Кеңеш Төрагасы балдар менен сүрөткө түшүп, аларга таттуу алуу үчүн 5000 сом карматты. Ал эми депутат Камчыбек Жолдошбаев балдарга 100 доллар берип, аларга жакшы тилегин арнады.

Жогорку Кеңештин Төрагасы менен жолугушуусу күтүүсүз болгонун билдирген Эрнис Орозбаев уул-келини Бишкекте иштеп жүрүшкөнүн, булардан башка дагы бир кичинекей баласы бар экенин кошумчалады.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Нарын облусунда эки күндүк иш сапар менен жүрөт. Төраганын иш сапарын коштогондордун катарында  Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Камчыбек Жолдошбаев, Алмазбек Акматов жана тиешелүү Өкмөт өкүлдөрү бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: