- Россиядагы президенттик шайлоодо Путин алдыга чыкты. Путин шайлоочулардын 72,08 пайыз добушун алды.
- Португалияда шоколад боюнча өткөн эл аралык фестивалда дүйнөдөгү эң кымбат момпосуй жасалганы айтылды. Момпосуйдун баасы 7 728 евро турат. Аны жасоодо шафран жип, ак трюфель, Мадагаскар ванили жана сырдуу ингредиент колдонулган. Ошондой эле анын сырты 23 карат алтын менен капталган.
- АКШнын Флорида штатында жергиликтүү фермер эки баштуу жыланды таап алган.
- Грузиянын Гудаури тоо лыжа базасында асма жол бузулуп, сегиз адам жабыркаган.
- Өзбекстанда той-аштарды жана чакырылган коноктордун санын азайтуу сунушталды.
- Кыргызстандык Перизат Самыйбекова Дубай шаарында ото турган Queen of USSR 2018 сулуулар сынагына катышат.
- Кытайдын эл өкүлдөр жыйыны Си Цзиньпинди Кытайдын төрагалыгына дагы беш жылга шайлады.
- Түркиялык жаран Ибрагим Түркхан кыргыз тилинде “Алыкулдун изи менен” деген ыр жыйнагын чыгарды.
- АКШнын Флорида штатындагы Майами шаарында эл аралык университеттин аймагына курулган көпүрө бейшембиде, 15-март күнү урап түштү. Алдын ала маалымат боюнча кырсыктын кесепетинен онго жакын адам көз жумган.
- Индиянын Бхаруха шаарында бука аялды асманга ыргыта челип салган.
- Америкадагы Жоржия штатынын бийлиги бир нече аялды капрон байпак менен муунтуп өлтүргөн кишини өлүм жазасына тартты.
- Россиянин президенттигине талапкер Ксения Собчак “Россия-1” телеканалынын дебаты маалында ызаланып ыйлап ийди.
- Швециялык модель Ия Остергрен узун буттарынын шарапаты менен интернет айдыңында атактуу адамга айланды.
- Кыздын бою 178 сантиметр болсо, ал эми буттарынын узундугу 108 сантиметр экен.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ