Menu

Фото – Өкмөттө Мамлекеттик чек ара кызматынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары талкууланды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 20-мартта, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын (МЧК) учурдагы кызматтык-күжүрмөн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Премьер-министр Мамлекеттик чек ара кызматынын чек ара коопсуздугун камсыздоодогу маанилүү ролун белгилеп, Өкмөт тараптан мындан ары карай атамекендик чек ара тутумун өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүлө берээрин кошумчалады.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев маалымдагандай, бүгүнкү күндө МЧК жеке курамы өлкө чек ара коопсуздугун камсыздоо боюнча штаттык режимде кызмат өтөөдө. Ал Өкмөт башчыга коңшу мамлекеттер менен чектеш аймакта жайгашкан өткөрүү пункттарындагы абал  тууралуу маалымдады.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө МЧК жеке курамы тарабынан эки миңден ашуун ыкчам тапшырмалар аткарылып, 15 миңден ашуун салык жашыруу фактысы жана жалпы суммасы 9 млн сомго жакын контрабандалык товарларды ташуунун 14 фактысы аныкталган. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөн жактардын жалпы саны 3 млн ашуун адамды түзгөн, ошондой эле 200 миңге жакын транспорттук каражат өткөрүлгөн.

Уларбек Шаршеев белгилегендей, кыргыз-өзбек чек арасындагы чектөөлөрдүн алынып салынышына байланыштуу, чек арадагы өткөрүү пункттарындагы адамдардын жыш агымы байкалууда. Буга байланыштуу чек ара ведомствосунун штаттык санын кошумча жогорулатуу муктаждыгы пайда болду.

Анын айтымында, аталган иш баскычтуу түрдө жүргүзүлөт, Өкмөттүн тийиштүү чечим долбоору Өкмөт Аппаратынын кароосуна киргизилген. Премьер-министр Сапар Исаков Өкмөттүн аталган чечим долбоорун кабыл алууну тездетүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы чек ара өткөрүү пункттарындагы коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана жоюу боюнча иштерди күчтөндүрүүнү тапшырды. Сапар Исаковдун айтымында, коррупциялык көрүнүштөр мамлекетке чоң зыян келтирүүдө жана ал толугу менен жоюулушу зарыл.

Буга байланыштуу Өкмөт башчы чет мамлекеттердин тажрыйбасын эске алуу менен өлкөнүн бардык өткөрүү пункттарын видеокөзөмөлдөө камералары менен камсыздоо мүмкүндүгүн карап көрүүнү тапшырды.

Ошондой эле Премьер-министр өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен техникалык камсыздоону жаңыртуу маселесин иштеп чыгууну жана МЧК жеке курамын тийиштүү материалдык-техникалык жактан камсыздоонун биринчи кезектеги тизимин аныктоону тапшырды.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: