Бүгүн, 21-мартта Бишкектеги Курманжан Датка скверинде Нооруз майрамына арналган дипломатиялык жарманке болуп өттү. Жарманкеде 20 чатырча тигилип, анда дүйнөнүн 20 өлкөсүнүн Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү өздөрүнүн улуттук тамак-аштарын, сувенирлерин сатышып, түшкөн каражатты кайрымдуулукка жумшоону чечишкен. Бул туралу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жарманкенин ачылышында КР Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жана Россиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Жарманке жүрүп жаткан мезгилде ага премьер-министр Сапар Исаков келип аралашты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ