Menu

Фото – Премьер-министр Сапар Исаков: Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун уюштуруучулардын алдында иш чараны жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча маанилүү милдет турат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 20-мартта, Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын (ДКО) өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча кезектеги жумушчу кеңешмени өткөрдү.

Өкмөт башчы уюштуруучулардын алдында иш чараны жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча маанилүү милдет турат деп белгиледи.

«Бул үчүн ДКОнун жалпы уюштуруу маселелерин гана иштеп чыкпастан, бардык техникалык маселелерди, ошондой эле мурдагы оюндардын тажрыйбасын эске алуу керек. Бизде бул үчүн бардык тийиштүү нерселер, тактап айтканда, масштабдуу иш чара өткөрүү үчүн база бар», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Кеңешменин жүрүшүндө Премьер-министрге Оюнга даярдык көрүү боюнча уюштуруу жана негизги маселелер тууралуу маалымат берилди, анын ичинде Оюн тууралуу жобо, жогорку даражалуу меймандардын, спорттук делегацияларынын тизмесин даярдоо, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, анын ичинде чет өлкөлүк өкүлдөрдүн тизмесин каттоо маселелери бар.

Кеңешменин жыйынтыгында Премьер-министр Сапар Исаков алдыга коюлган маселелер өз мөөнөтүндө жана белгилүү деңгээлде аткарылышы керектигин белгилеп, тийиштүү мамлекеттик органдарга Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 2-сентябрынан 8-сентябрына чейин Ысык-Көлдө Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: