Menu

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Д.Жумабековдун Нооруз майрамына карата куттуктоосу

Бөлүшүү:

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан Нооруз майрамыӊыздар  менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Ар жылы 21-мартта белгиленүүчү куттуу Нооруз майрамынын миӊдеген жылдарды карыткан салты бар. Борбордук Азияда, анын ичинде биздин элибизде бул майрам кычыраган кыш өтүп, күн менен түн теӊелип,  жаратылышка жан киргизген жаздын келишин билдирген, өзгөчө шаани менен өткөрүлүп жүргөн элдик майрам болуп саналат. Байыртадан ата-бабаларыбыз ушул күнү үй-жайын иретке келтирип тазалап, «Жер жарылып чөп чык, желин жарылып сүт чык» деп токчулукту ниет кылып, бири бирине каалоо-тилектерин айтып, ар бир үйгө ырыскы, токчулук, ырашкерлик келсин деп тилек кылган. Ушул күнү жаӊы тилектердин, жаӊы мүдөөлөрдүн  кабыл болушун, жаманчылык кетип, жакшылыктын орношун самап, ата-бабаларыбыз Ноорузду жаздын келиши гана эмес,  жаӊы күндүн, жаӊы  доордун башталышы деп билген. Ошондой эле жер-жерлерге кош чыгып, талаа иштери жүрүп, эртеӊки түшүмдүн камын көрүү башталган.

Кадырлуу мекендештер!

Ушул улуу салтты улап, биз дагы бүгүнкү куттуу күнү элибизге, анын ичинде ар бир үй-бүлөгө жакшылык, ыймандуулук, токчулук, ар бириӊизге күйүмдүүлүк, мээрмандык, берешендик каалоо менен, биздин эгемен мамлекетибиз үчүн Нооруз биз эӊсеп күткөн  жаӊы күндүн, жаӊы доордун башталышы болушун тилек кылам.

Ар дайым Ата Журтубузда бейкутчулук болуп, ар бир үйгө  берекке консун! Нооруз майрамыӊыздар кут болсун!

Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Д.Жумабеков

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: