Menu

Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековду Нооруз майрамы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду  Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Жаратылыш менен бардык тирүү жандыктарга жан  киргизген улуу майрам – Наурыз менен  чын дилимден чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз.

Жаңы өмүрдүн башаты болуп саналган касиеттүү Наурыз боордош элдерибизге көптөгөн кубанычтарды жана бакубатчылык алып келсин.

Элдерибиздин ортосундагы  бекем достукка жана жалпы руханий баалуулуктарга негизденген ар тараптуу мамилелер  элдерибиздин  жыргалчылыгы үчүн мындан ары дагы жигердүү өнүктүрүлө берет деп ишенем»,-деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековго чың ден-соолук жана ийгиликтерди, ал эми бир тууган кыргыз элине бейпил турмуш жана гүлдөп өнүгүү каалады.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: