Menu

Нариман Түлеевдин “Караван” соода үйү менчиктештирилип жаткандыгы белгилүү болду

Бөлүшүү:

Экс-президенттин тушунда көпчүлүк кыргыздын мекенчил жититтери камалып, жок жер­ден кылмыш иши козголгондон тышкары айрымдарынын мал- мүлкү тартылып алынган эмес беле. Ошолордун катарында экс- депутат, экс-мэр Н.Түлеевдин маркум атасына таандык “Кара­ван” соода борбору, кийин дагы бир өзүнө катталган “Сапатком” байланыш компаниясы килейген имараты менен кошо Мамлекеттик мүлк фондунун карамагына алынган. Мындан тышкары 11 жылга камалган Н.Түлеевдин бир нече батирлери да мамлекеттин эсебине өткөрүлүп, өзү абактан ири суммадагы акчаны төлөп, мөөнөтүнөн мурда чыккан. Алгач бул объектилер мамлекеттин эсебине өткөрүлгөндүгү айтылган. Ошондой эле “Айчүрөк” универмагынын маңдайына курулган “ГУМ-Чынар” соода комплексине да мамлекеттик-рейдерлик кол салуу болгондугу имиш имиш болуп, Нариман мырза шайлоо алдында ал кездеги бийликке жан соогалап, “оппозицияга иштебеймин” деп, өзү Германияда узак убакыт дарыланууга кетип сактап калгандыгы белгилүү. Атасы Ташболот болсо алдырып жиберген дүйнө-мүлкүнө ичи ачышып кайтыш болуп кетти. Бирок жакында “Караван” соода үйү менчиктештирилип жаткандыгы белгилүү болду. Албетте, азыр аталган соода борбору мыйзамга ылайык сатыкка коюлары айтылууда. Болду болбоду Максимдин vip коттеждери сыяктуу анын аларманы да белгилүү окшойт.

Булак: Майдан.kg

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: