Menu

Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев Президент Сооронбай Жээнбековду Нооруз майрамы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын ПрезидентиСооронбай Жээнбековду Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Кирип келген жаздын, жаратмандыктын жана жаңылануу майрамы болгон Ноорузга байланыштуу Сизге чын дилимден чыккан куттуктоомду жана каалоо-тилектеримди билдирүү мен үчүн зор канааттануу алып келет.

Жакшы салттарыбыз менен маданий дөөлөттөрүбүздүн өз алдынчалыгын даңазалаган бул майрам биздин бир тууган элдердин ортосундагы чын ыкластуу коңшулук жана өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө кызмат кылаары өзгөчө маанилүү.

Биз өзбек-кыргыз кызматташтыгынын өнүгүүсү үчүн жаңы перспективаларды ачкан кийинки мезгилде болгон эң жогорку жана жогорку деңгээлдердеги визиттердин жыйынтыктарын жогору баалайбыз.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, Сиздин 2017-жылдын 17-декабрындагы Өзбекстан Республикасына визитиңиз биздин эки тараптуу мамилелердин таптакыр жаңы, тарыхый баскычка көтөрүлгөнүн күбөлөндүрөт.

Биздин биргелешкен аракеттерибиз менен узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу өзбек-кыргыз мамилелери мындан ары да улам бекемделип, биздин бир тууган элдерибиз үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачаарына ишенем»,- деп айтылат Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёевдин куттуктоосунда.

Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев Президент Сооронбай Жээнбековго узун өмүр, бекем ден соолук, бакыт, үй-бүлөлүк бакыбаттык, жаңы ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын дос элине тынчтык, андан аркы гүлдөп өсүүнү кааалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − 77 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: