Menu

Сапар Исаковдун өкмөтү жана өзү ушул жаздан чыкпай калат окшойт

Бөлүшүү:

Сыягы, “жакшы бала” С.Исаковдун өкмөтү жана өзү ушул жаздан чыкпай калат окшойт. Анткени ал аткаруу бийлигинин башына келген алты айда бир да алгылыктуу иш жасалбай, “кырк кадамынын” бир кадамы да арбый элек. Ошондуктан эт менен челдин ортосундагы өкмөттүн отставкага кетүүсүн эл каттуу талап кылса, парламенттин КСДП фракциясы баш болуп такалай баштады. Айрыкча Ы.Момбеков фракция жыйынында вице-премьер-министрлердин төрт барак отчетун өлө туздады. Бул баланын жолу да катуубу, жарым жылда чет өлкөлөрдөн инвестор да келбей, келмек турсун мурда келишим түзгөндөрү менен “ажырашып” атыры. Алардын акыркысы “Акылдуу шаар” долбоорун колго алып, 60 млн. доллар берет деген кытайлык Huawei компаниясы болду. “Никенин бузулгандыгы” тууралуу каргашалуу долбоорду алгач кыргыз өкмөтү өзү билдирип, “кытайлар келишимдин мөөнөтүн өткөрүп жиберди. Эми өз каражатыбызга бул долбоорду ишке ашырабыз”,- деп айтууда оозу, мурду кыйшайбай. Аларга “эми бул долбо­орду кайсы акчага ишке ашырасың, бюджеттин түбү тешик, сырткы карыз астрономиялык суммага жетти. 60 млн. долларды коюп, жетим-жесир, майыптарга жөлөкпулду берип ал”,- деп айта турган гана адам чыкпай атыры. Баса, өткөн ишемби күнү С.Исаков “Ош аэропортунун” жаңы терминалынын ачылышына катышканда, аңдан кийин Аксы окуясынын 16 жылдыгына Кербенге барганда ошол “Кырк кадамынын” бир кадамы тууралуу да ооз ачпаптыр. Ал жомокко өзү деле ишенбей калган окшойт.

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: