Menu

Алмаз Атамбаев бул ирет кимге каршы аттанат?

Бөлүшүү:

Экс-президенттин саясатка кайра келиши келгендигинен да бүйүрдү кызытууда. Өткөн жылдын аягында болот деген КСДПнын улам артка жылдырылган курултайы 31-мартта акыры болот окшойт. Анда бир гана маселе – партиянын лидерин шай­лоо маселеси караларын, ал орунга бир гана адам – А. Атамбаев татыктуу экендигин бийликтин жарчы- депутаты Р.Момбеков, андан мурда Ф.Ниязовдор жар салышкан. Эми бийликте отуруп кыйратпаган эски президент келгенде эмне кылат де­ген суроо анын тарапташтарын да, оппозиянын да башын айландырууда. Ооба, былтыр бийлигин тапшырып атып “Мен өзүм менен кошо көп эски саясатчыларды ала кетем. Мен кайра келем, алар келишпейт… ”деп айткан болчу. Андан тышкары партиясынын тизмесин кайра жаңылай тургандыгын да кыйыткан. Мейли, катарын толуктап, жаңылап, таза, жаш күчтөрдү топтой берсин. Эгер парламентти таратып, жаңы шайлоо уюштурса да, өзү спикер болуп келсе да каршылык жок. Өкмөт башчыны кетирип, анын ордун ээлеп алса деле жараша берет. Бирок 7-апрелде 10 миң адамды топтоп, “Чоң казат” уюштурам деп опурулуп жаткандыгы чочулатууда. Бул ирет кимге каршы аттанат? Өзү бийликке алып келген досу С.Жээнбековгобу? Же жаңы президенттин корруппияга каршы күрөшүп жаткандыгына каршы чыгабы? Балким, Атамбаев бийликтен кеткен кадрларын коргоого аттанар! Кокус тополоң чыгып кетсе, бийлик ал акциянын уюштуруучусун С.Жапаров же Ө.Текебаевдин жанына отургузуп койбос бекен?…

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 88 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: