Menu

Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Президент Сооронбай Жээнбековду Нооруз майрамы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын ПрезидентиСооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

“Эл аралык Нооруз майрамына байланыштуу Сизге жана Сиз аркылуу бүтүндөй бир тууган Кыргыз Республикасынын элине чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду жана бакубатчылык, гүлдөп-өнүгүү каалоолорумду жолдойм.

Тамыры кылымдардын кыртышына кеткен Нооруз майрамы меймандостук, чын ыкластуу коңшулук салттарын жана гуманизм принциптерин  чагылдырган  биздин элдердин руханий жана маданий дөөлөтү болуп саналат. Дүйнөлүк маданий байлыкка кирген бул жарык маанай майрам достукка жана биримдикке чакыруу менен адамзаттын улуу баалуулуктарын камтыйт.

Бул жаз жана жаңылануу майрамы Сиз үчүн жана Сиздин өлкөнүн эли үчүн кубаныч, бакубаттык жана өсүп-өнүгүү менен коштолсун», – деп айтылат Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун телеграммасында.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: