Кышындагы катуу суук болбогондо балким, бардыгыбыз Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) ири мыйзам бузуу, коррупциялык аракеттерден кабардар болбой калмак белек… Айтор, өз элине душмандарыбыз да каалабаган кыянатчылыкты жасаган шылуундардын “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” деген чүмбөткө жамынып алышып, өлө байыганын азыр эч ким тана албай турат!
Бирок, туш тараптан эле “атын атап койсоңор боло”, “ким жеди эй мынча акчаны”, “жогору жакта коррупция тамырлап кеткен турбайбы эчак”, “депутаттык комиссия иликтеп жатты эле, эмне алардын да оозун акча менен жаап коюштубу?”- деген суроолор жаап жатат. Тийиштүү органдар кылмыш ишин козгогон, бирок, жыйынтыгы чыкканча жинди болуп кетпесек болду. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, ЖЭБди модернизациялоодо башкы ролду азыр баары туш тараптан сындап жаткан Улуттук энергохолдингтин башчысы Айбек Калиев эмес, Бишкек ЖЭБинин масштабтуу авариядан кийин кызматынан кеткен директору Өмуркул уулу Нурлан ойноптур. Документтерди карашса, ЖЭБди дал ушундай модернизациялоо чечимин Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү кабыл алыптыр. Ал эми ремонт-жаңылоо иштерин көзөмөлдөөдө Улуттук энергохолдинг эмес, “Электр станциялары” ААК менен Бишкек ЖЭБ жетекчилиги жооптуу экени ачык-айкын жазылып турат. Ортодо жеке кызыкчылыктар, ири акча уурдоо тургандыктан, Өмуркул уулу Нурлан кытайлар каалаган кагаздын баарына кол коюп берүүгө мажбур болгону айтылууда. Кымбат кычкачтар ушинтип чыгууда.
Баса, жакында өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиев кызматынан кеткени айтылды. Көрсө, ал өзү кетпей эле, ири былыгы билинип калып, кетүүгө мажбур болуптур. Маалыматтарга караганда, аталган чиновник туугандарынын атына каттаткан фирмасы аркылуу Өмурбек уулу Нурлан жетектеген Бишкек ЖЭБине келишим түздүрүп, “ТЭЦти ремонттойбуз” деп жыл сайын ири акча жешкени калкып чыгып калыптыр. Эң кызыгы, акча фирмага бөлүнө берген, а ремонт чынында жасалбаптыр. Мына сага аппарат жетекчи менен директордун коррупциясы…Ээми алар бул кыңырды да акырын жабууга жанталашканын уктук. Айтор, кыргызды куруткан бул эргулдардын орду каякта экенин тийиштүү органдар түшүнөөр… Бул темага да кайрылабыз!
А.БЕЛЕКОВ
Булак: Майдан.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ