Menu

11 тонна контрабандалык картошка кармалды

Бөлүшүү:

Коңшулаш Тажикстан Республикасынан мыйзамсыз ташылып келген 11 тонна картошка Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан кармалды.

Маалыматка караганда, «Баткен» бажысынын аткезчиликке каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан К.К.У. аттуу Баткендин тургуну башкарган шектүү автоунаа дароо токтотулуп, ичи текшерилген. Унаанын жүк катылган бөлүгү аңтарганда, тийиштүү документтери жок Тажикстандан ташылып келе жаткан жалпы салмагы 11025 кило картошка табылды. Анын жалпы суммасы 198 450 сомду түзөт.

Иштин материалдары Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди. Айыпкерден 70 437 сом өлчөмүндө айып пул дагы өндүрүлдү .

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: