Menu

Фото – Төрага Дастанбек Жумабеков менен депутат Камчыбек Жолдошбаев Нарындагы бир катар спорттук мекемелерге барды

Бөлүшүү:

Кечээ, 21-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, депутат Камчыбек Жолдошбаев баштаган топ Нарындагы бир катар спорттук мекемелер менен таанышты. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Алгач Төрага баштаган парламенттик делегация Ташболот ата атындагы шаардык муз тебүүчү жайга барды. 2016-жылы бул спорттук комплексти Нурбек Ташболотов өз каражатына куруп, атасынын атын ыйгарган. Азыр анда көптөгөн хоккей командалары машыгып келет. Парламенттик делегация келген күнү муз аянтында “Кеӊеш” жана “Туйгундар” тайпаларынын таймашы өттү. Оюн кызуу өтүп, күйөрмандарды кайдигер калтырган жок. Төрага Дастанбек Жумабеков да жаш хоккейчилердин оюнуна жогору баасын берди.

“Сиздер кызыктуу оюн көрсөттүӊүздөр. Мен жаш муундардын спорт менен жигердүү машыгып жатканына абдан кубандым. Муз аянтында машыгып жаткан балдардын арасынан Кыргызстандын желегин ири спорттук иш-чараларда бийикке көтөрө турган чемпиондор чыгат деп ишенем. Айрыкча, жаш хоккейчилерибизди колдоп келе жаткан ата-энелерине ыраазычылык билдирем. Эгер сиздердин камкоордугуӊуздар болбосо, мындай жагымдуу оюнду көрө албайт элек” – деди Дастанбек Жумабеков.

Ошондой эле Төрага ар бир тайпа мүчөсү менен сүрөткө түшүп, баарына акча каражатын тапшырды.

Андан соӊ дагы бир спорттук комплекске барган Дастанбек Жумабеков, ал жакта машыккан балдарга спорттук жабдууларды белекке берди.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Нарын облусунда эки күндүк иш сапар менен жүрөт. Төраганын иш сапарын коштогондордун катарында  Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Камчыбек Жолдошбаев, Алмазбек Акматов жана тиешелүү Өкмөт өкүлдөрү бар.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: