Menu

Бишкек-Ош унаа жолу ачык, убактылуу жабылган посттор бүгүн саат 06:00дө ачылды

Бөлүшүү:

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу болгондугуна байланыштуу, 21-22-мартта Чүй облусунун Жайыл районундагы “Сосновка” постунда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы “Арал” постунда жана Талас облусунун Талас районундагы Өтмөк ашуусунда саат 21:00дөн саат 06:00гө чейин, унаалардын баардык түрлөрү үчүн жол каттамын жабуу боюнча КРнын Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасы, Премьер-министрдин 2018-жылдын 20-мартында №12 буйругу чыккан.

Кечээ, 21-мартта Бишкек-Ош унаа жолунун “Сосновка” постунда, “Арал” постунда жана Өтмөк ашуусунда саат 21:00дөн тартып унаалардын бардык түрүнө каттам убактылуу жабылган.

Бүгүн, 22-март күнү убактылуу жабылган посттор, таңкы саат 06:00дөн баштап ачылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 29 = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: