Menu

Бабанов баш болгон ишкерлерди жана өкмөттү 20 млн долларга алдаган шылуундар кезектеги аферасын баштоодо!

Бөлүшүү:

…ага-ини толстуновдор инвесторбу же чиркөө кызматкерлериби, кудайын тааныган  адамбы же чинди шылуундук үчүн колдонгон аферисттерби?

Кыргызстанда бийлик алмашкан жылдары, тагыраагы 2011-жылы, “Трэйд & Файнанс” (T&F Trade&Finance Ges.m.bH) аттуу кыргызстандык ишкерлер менен биргелешип “Транс Азия Экспресс” аттуу ишкана ачылат. Өздөрүн “чет өлкөлүк инвесторлорбуз” деп тааныштырган австриялык ишкерлер, чындыгында өзүбүздүн эле мурдагы замандагы жердештерибиз болуп чыгууда. Атап айтканда, көп мекендештерибизди, а түгүл Кыргыз Өкмөтүн сызга олтургузган Толстуновдордун үй-бүлөсү. Советтик доор аяктап жаткан кезде, ага-ини толстуновдор Коммунисттик партиянын активдүү мүчөлөрү болуп, комсомолдук жана коммунисттик уюмдарда активдүү иш жүргүзүшкөн. Болгону, өз кезинде, Акаевдин заманындагы чоңдордун “коюнуна” кирип, көп былык иштерди жасаганга жетишишкен. Бир эле мисал, Василий Толстунов, Акаевдин көздөй кадры, ошол кездеги Каржы министри Кемелбек Нанаевдин кызына үйлөнгөн жана качкын президенттин чоң көлөмдөгү алтындарын Европага ташып кетүүнү уюштурган.

Бул амалкөй бир туугандардын алгачкы аферасы 90-жылдарда орун алган. “Кызыл папке” аттуу саясий чырды ошол кездеги аткаминерлер, сасатчылар жакшы билишет. Миллиондогон насыяны Кыргыз Өкмөтүнүн кепилдиги менен алышкан, а бирок ал миллиондорду төлөбөй, Европага качып кетишкен. Ал эми ал кезде жаңыдан көз карандысыздыкка жеткен жаш мамлекетибиз олчойгон карызды төлөгөнгө мажбур болгон. Бирок, өнүккөн Европада мыйзамсыз иштерди жасоого мүмкүн эместигин билген шылуундар, ага-ини толстуновдор кайрадан эле ар түрдүү шылуундук схемаларды түзүп, Кыргызстандан көп каражат чыгарып кетүүгө жетише алышкан. Өздөрүнүн ысымдары булганганын билген эргулдар, өздөрүнүн изин жашыруу максатында ар түрдүү аталыштагы чет өлкөлүк компаниялардын артына жашырынып иш алпарышат. Ал компаниялардын бир катары – “ITI S.P.A, FINREP Handels Ges.m.b.H”, “M.T.F.C investitionsprojektnwicklungs Ges.m.b.H”, “OCEAN AIRLINES”, “T&F Trade&Finance Ges.m.b.H” аттуу компаниялар. Бул компаниялардын баарысы дээрлик чет өлкөлөрдө, негизинен Италия, Австрия жана башка Европа мамлекеттеринде катталышкан. Башынан шылуундук менен алектенген бир туугандар чет өлкөдө да, Кыргызстанда да көп адамдарды сызга олтургузушту. Булар менен кызматташкан көп ишкерлер жана ишканалар, ага-ини толстуновдор өтө катаал ыкмалар менен иш алпарышканын жана керек болсо эч айбыкпастан эле, айоосуз кадамдарга да бара турганын тастыкташкан. Мисал катары бир нече соттук доо арыздардын тизмегине көңүл бурсак:

– 2007 жыл. GAMA S.p.A компаниясы I.T.I  S.P.A компаниясын сотко берип, келишим жокко чыгарылган. Соттук материалдарга таянсак, италиялык GAMA S.p.A компаниясы толстуновдорго тийешелүү I.T.I  S.P.A компаниясы менен келишим түзүп, “Манас Менеджмент” ЖАК (жабык акционердик коом) ишканасынын акцияларын сатып алмак болгон. Ошол максатта 446.000 (төрт жүз кырк алты миң) АКШ долларын төлөп беришкен. Бирок, толстуновдорго тийиштүү I.T.I  S.P.A компаниясы акцияларды бербей койгон.

– 2008 жыл.  “Aircraft Petrol Management” ЖЧКсы австриялык FINREP Handels Ges.m.b.H компаниясына каршы доо арыз менен кайрылып, 2 337 133 (эки миллион үч жүз отуз жети миң жүз отуз үч) АКШ долларын өндүрүп берүүнү талап кылган. Соттук материалдарга таянсак, “Aircraft Petrol Management” ЖЧКсы, толстуновдорго таандык болгон OCEAN AIRLINES  авиакомпаниясынын учактарына күйүүчү май куюп берип турушкан. Себеби, бул авиакомпанияга ошол эле автсриялык FINREP Handels Ges.m.b.H компаниясы “Манас Эл Аралык Аэропортунун” алдында кепилдик берген. Бирок, жыйынтыгында бул карызды да төлөбөй, кыргызстандык “Aircraft Petrol Management” ЖЧКсын эки миллиондон ашык каражатка алдап коюшкан. Эң кызыгы, жогорудагы ЖЧК саясатчы Өмүрбек Бабановко тийешелүү болгон. Бабанов сыяктуу өтө этиет жана астейдил ишкерди алдаганга жетишкен толстуновдор кыйын экен деп кое бериңиз.

– 2009 жыл. Уят-сыйыттан кабары жок бир туугандардын компаниясы FINREP Handels Ges.m.b.H өз кезегинде Бабановдун “Aircraft Petrol Management” ЖЧКсын сотко берип, 3 132 520 (үч миллион жүз отуз эки миң беш жүз жыйырма) АКШ долларын талап кылып да көрүшкөн. Бирок, бактыга жараша, ал сотту толстуновдор уттуруп жиберишкен. Бабановду 3 млн акчадан кудай өзү эле сактаптыр.

– 2010 жыл. Орусиялык ОАО “Донской Табак” ишканасы, мамлекет аралык келишимдерге жана дүйнөлүк тажрыйбага таянып, Орусия Федерациясынын Соода жана Өндүрүш палатасынын Коммерциялык Арбитраждык сотунун 2009-жылдын 14-майындагы отурумунун чечимин Кыргыз Республикасынын аймагында орундатуу максаты менен биздин мамлекетке кайрылышкан. Соттук материалдарга ылайык, бул ирет ага-ини орусиялык ишканадан 2 347 311 (эки миллион үч жүз кырк жети миң үч жүз он бир) АКШ долларын насыяга алышкан жана кайтарып беришкен эмес же бере турган ойлору деле болгон эмес. Ошондуктан, Орусиялык соттун чечими Кыргыз Республикасында да аткаралышы мүмкүн экендигин билишип, күн эрте эле өздөрүнүн кыргызстандагы активдерин, башкача айтканда FINREP Handels Ges.m.b.H компаниясы ээлик кылган “Манас Менеджмент” комапаниясынын акцияларын, кайра эле өздөрү көмүскө ээлик кылган M.T.F.C investitionsprojektnwicklungs Ges.m.b.H компаниясына өткөрүп салышкан. Башкача айтканда, FINREP Handels Ges.m.b.H компаниясын “жылаңачтап”, эч бир активдери жок, банкрот ишканага аландырышкан. Мындай көз боемочулуктарды кинотасмалардан эле көрүп көнгөн коомчулук, биздин мамлекетте да ушундай афера орун алат деп түшүнө да кирбесе керек.

– 2012 жыл. Өз активдерин кайтарып алууга далалат жасаган ошол эле орусиялык ОАО “Донской табак” ишканасы бул ирет жогорудагы FINREP Handels Ges.m.b.H компаниясын жана M.T.F.C investitionsprojektnwicklungs Ges.m.b.H жаңы ачылган жагдайлар боюнча негиздеме менен кайрадан жергиликтүү сотко кайрылган. Орусия  Федерациясынын Тергөө комитетинин Башкы Башкармалыгы бир туугандар Толстунов Василий Леонидовичке жана Толстунов Сергей Леонидовичтерге карата кылмыш ишин козгогон.

Кыргызстанда амалкөйлүк менен акча табууну өтө жакшы дэңгээлде өздөштүргөн бул шылуундар “үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы” деген макалда айтылгандай, кайра эле 2003-жылы жергиликтүү ишкерлер менен биргеликте “Кыргыз Эйр” авиакомапаниясын түзүшөт. Иш башында эле, кайрадан эле алдамчылыкка өтүшөт. Америкалык компаниядан учактарды ижарага алып, жаңы түзүлгөн авиакомпанияга эки эсе кымбат баада ижарага беришип, өз өнөктөштөрүнөн да пайда таба башташкан. Андан сырткары, жергиликтүү ишканалардан карызга күйүүчү май ала берип, жыйынтыгында “Кыргыз Эйр” компаниясы жана жергиликтүү ишкерлер 2 миллиондон ашуун АКШ долларына карызга батышат. Албетте, бир туугандар четке чыга беришкен, америкалыктар өз учактарын кайтарып алып койгондон кийин, кайра эле кыргызстандык авиакомпания жана ишкерлер сызга олтурган бойдон калышты.

Ушундай тарых-таржымалы бар толстуновдор тарабынан, кыргызстандык ишкерлерге 2011-жылы “Транс Азия Экспресс” ЖАКна акционер болуп кирип, шериктештик менен иш алпарууну сунушташат. Компаниянын ишмердиги транспорттук кызмат көрсөтүү багыты болгон. Тараптардын келишимине ылайык, “Транс Азия Экспресс” ЖАКга толстуновдор тарабынан жогоруда айтылган T&F Trade&Finance Ges.m.b.H аттуу австриялык компания кирген. Ал эми калган акциялар, кыргызстандык жарандардын ортосунда бөлүштүрүлгөн эле. Бул жерде баса айтып кетүүчү нерсе – бир тууган толстуновдор тарабынан компанияны өнүктүрүү үчүн бир сом да каражат кийирилбеген. Ишкананы өнүктүрүүгө негизинен башка акционерлер жана кыргызстандык өнөктөштөрдүн каражаттары жумшалган. Мисалы үчүн, компаниянын ошол кездеги директору Эрик Акматов тарабынан эле 30 миң долларга жакын сумма расмий түрдө компанияны өнүктүрүүгө жумшалып жатат. Ал эми калган өнөктөштөр , кара жанын карч уруп, күнү-түнү эмгектенүүнү жыйынтыгында, “Транс Азия Экспресс” компаниясын кирешелүү ишканага айландырышты.

Компаниянын алкагында ишкердик мамилелер 2016-жылдын ортосуна чейин кадыресе жакшы болуп турган. Киреше жакшы түшүп, ал себептен кыргызстандык өнөктөштөр тарабынан компанияны андан да күчөтүү максатында, ишканага кошумча каражат коротуу сунушу түшөт. Бирок, бир тууган толстуновдор негедир бул сунушту кайдыгер кабылдашты. Кыргызстандагы бул бизнес алар үчүн кызыксыз болуп калганын кабарлашып, баш тартышкан. Ал эми 2017-жылы, австрияга көчүп кеткен Дворцов Александр Николаевич аттуу жаран, толстуновдордун атынан дайындалган юристмин деп, комапаниядан 600 000 (алты жүз миң) АКШ долларын талап кылат. Анын айтмында, бул суммадагы каражат, толстуновдор тарабынан компанияга жумшалган имиш. Албетте, кыргызстандык тарап, ал юристтен кайсы документтердин негизинде талап кылып жатканын сураганда, документтерди көрсөтүүнүн ордуна, “мен мурда прокуратура тармагында иштегем, акчаны бербесеңер, силерге чоң маселе жаратам!” деп, коркутууга өткөн. Негизсиз талап кылган акчаны ала албаган Дворцов, ошол күндөн баштап, убадаларын аткара баштады. Укук коргоо органдарындагы байланыштарын колдонуп, ал органдарга жалган көрсөтмөлөрдү берип жатып, УКМК тарабынан компанияга каршы негизсиз кылмыш ишин козготууга жетишкен. Эч кандай тергөөгө чейинки териштирүүсүз эле. Бир күндүн ичинде иш козголуп, ошол эле күнү 5 адамдан турган 5 оперативдик группалар бир эле убакытта компаниянын өкүлдөрүнүн даректерине жөнөшкөн. Түшүнүксүз жери, “Транс Азия Экспресс” ишканасы мамлекеттик эмес. Бул толук бойдон жеке ишкана. Демек, чарбалык талаштар, мыйзамга ылайык, арбитраждык сотто каралыш керек эле. Мына ушул жагдайларды эске алып, бул кылмыш иши “буюртма” мүнөзгө ээ деп айтууга туура келет. Себеби, ишкананын копьютерлер жана башка жабдуулар, документтер жана кассадагы каражаттар алынып, кызматкерлердин үйлөрүндө болсо тинтүү иштери жүргүзүлдү. Андап ары, кылмыш иши Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү Мамлекеттик Кызматына өткөрүлдү (ГСБЭП). Ушул тергөө амалдарынан жыйынтыгында, Финансы полиция тарабынан, Башкы Прокуратура менен макулдашылган тартипте, Кыргыз Республикасынын жарандарына карата кылмыш иши жоюлган. Ал эми доо арыз ээси T&F Trade&Finance Ges.m.b.H компаниясынын өкүлдөрүнө өз укуктарын коргоо үчүн, жарандык-укуктук тартипте сотко кайрылуу сунушталган.

Бирок, өздөрүнүн жарандык-укуктук позициясы туура эмес экендиги туя билген T&F Trade&Finance Ges.m.b.H компаниясы, өздөрүнө негедир чет өлкөлүк инвестор деген статусту ыйгарып алышып, КРнын Президентинин наамына кат менен кайрылышкан. Анын негизинде, ошол эле Башкы прокуратура кылмыш ишин кайра жанданжырып олтурат. Жогоруда аталган окуялар, “Транс Азия Экспресс” компаниясынын ишмердүүлүгүнө олуттуу терс таасир берди. Ишкананын кирешелүүлү кескин азайды. Дворцов жана бир тууган толстуновдор эбегейсиз басым жасап, негизсиз доолап жаткан сумманы алуу үчүн, компанияны жана анын өкүлдөрүн каралоочу жалган маалыматтарды ММКлар аркылуу дембе-дем таратып жатышат. Ал жалган макалаларды кайрадан укук коргоо органдарына сая көрсөтүп, алардан чара көрүүнү талап кылып, коомчулуктун башын таптакыр айландырып салышты. Бир караган кишиге, толстуновдор компаниянын толук ээси катары көрүнөт. А чындыгында, кыргызстандык жарандарга 46% акциялар тийешелүү экенин эскертип коелу.

Мына ушундай шылуун топту кантип инвесторлор деп атаса болот? Бир тыйын кошумча кошпогон адамдарды эмненин негизинде инвестор деп эсептемек элек? Бул аферисттер болгону ыңгайлуу статусту жамынып, кой терисиндеги карышкырлар, Кыргыз мамлекетинен көп суммадагы каражаттарды чыгарып кетүүнү гана көздөшөт.

Жакында, бул шылуундарга миллион доллардан ашык накталай акчасын алдатып жиберген жараныбыздын икаясын да баяндап беребиз.

Автандил Белеков

Булак: “Майдан.kg” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: