Menu

Орусияда издөөдө жүргөн 137 адам Кыргызстандан кармалды

Бөлүшүү:

Кыргыз жана орус милициясы Кыргызстандын аймагында “Эл аралык издөө” операциясын өткөрүштү. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна министрликтин маалымат катчысы Бакыт Сейитов билдирди.

Анын айтымында, оор кылмыш жасап, адам өлтүрүп, каракчалык кылып, зордуктады деп издөөдө жүргөн 137 шектүү адам кармалды:

– Орусияда кылмыш жасап, Кыргызстанга качып же Кыргызстанда кылмыш жасап Орусияда жүргөндөрдү кармап, аларга мыйзам чегинде чара көрүү боюнча иш-чараларды жүргүздүк. Орусиядан келген топ экиге бөлүнүп, бири Кыргызстандын түштүк аймактарында, экинчиси түндүк аймактарда биздин кызматкерлер менен чогуу кылмышка шектүүлөрдүн өздүгүн, жашаган жерин тактап, кармоо боюнча иш-чараларды жүргүздү.

Сейитовдун белгилешинче, операцияга жалпысынан 3400 милиция кызматкери катышты.

Кармалган 137 адамдын 64ү эл аралык издөөдө жүргөндөр экени аныкталды.

Биргелешкен операция 14-15-мартта өттү. Анын алкагында изделип жаткан 61 адамдын дайыны табылып, каза болгон 19 адамдын сөөгү боюнча маалымат такталды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: