Menu

Нурсултан Назарбаев Ноорузду Самаркандда белгиледи

Бөлүшүү:

Нурсултан Назарбаев 21-мартта Самаркандга барып, Өзбекстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

Өзбекстан президентинин сайты маалымдагандай, эки лидер Самарканддагы Форум комплексинде жолугушуп, өлкөлөр ортосундагы макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Жолугушуу учурунда аймактагы өлкөлөр, анын ичинде Өзбекстан менен Казакстан ортосундагы мамилелердин жакшырып баратканы белгиленди.

Нурсултан Назарбаев менен Шавкат Мирзиёев Хазрат-Хизр комплексин аралап, Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовго багыштап куран окушту.

Андан соң Казакстан президенти Шавкат Мирзиёевдин коштоосунда Самаркандды кыдырып чыкты.

2018-жыл Казакстанда Өзбекстан жылы деп жарыяланган. Казакстандын Өзбекстандагы күндөрү 2019-жылга белгиленген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − 86 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: