Menu

Түркмөн чек арачылары эки иран балыкчысын атып өлтүрүштү

Бөлүшүү:

21-мартка оогон түнү Түркмөнстандын Чек ара кызматынын өкүлдөрү Каспий деңизинин суусунан эки иран балыкчысын атып өлтүрүп, дагы экөөсүн кармап кетишти. Бул тууралуу Ирандын ИРНА мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Ирандын Бендер-Түркмөн шаарынын башчысы Иляс Хывачинин агенттикке билдиргенине караганда, кармалган ирандык балыкчылар менен өлтүрүлгөн эки жарандын сөөгү азыр Түркмөнстандын аймагында. Анын айтымында, төрт балыкчы тең аталган шаардын тургундары болушкан.

Маалыматка караганда, балыкчылар эскертүүгө карабастан чек ара сууларынан балык кармоосун уланта беришкен. Чек арачылардын огунан алардын бирөөсү дароо ошол жерден, экинчиси кийинчерээк алган жараатынан улам каза болгон.

Агенттик Ирандын бийлиги түркмөн чек арачыларынын бул аракетин «орунсуз» деп эсептеп жатканын жазды. Анын маалыматында, буга чейин Каспий деңизинде иран балыкчыларынын катышуусунда жаңжалдар чыгып келгени белгиленген. Акыркы жылдары түркмөн чек арачылары иран жарандарына каршы бир канча жолу курал колдонушкан.

Азырынча Түркмөнстан бийлиги бул окуя боюнча эч кандай комментарий бере элек. Каспийдин макамы дале аныктала элек. Буга байланыштуу деңиздин аймактык бөлүнүшү талаш жаратып, коңшу өлкөлөрдүн ортосунда жаңжалдар чыгып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 + = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: