Шашылыш билдирүү: 2018-жылдын 23-мартынан 27-мартына чейин аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана 355-370 чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында, Красная Горка – Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 289-чакырымында (Чоң-Көчкү), Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 67-94 чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу), ошондой эле Ийри – Суу участкасынын 42-44 чакырымдарында, Арал-Суусамыр автоунаа жолунун 8-21 чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 45-90, 145-150 чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек авто унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
23-25-мартта Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы
23-мартта мезгил-мезгили менен нөшөрлүү жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 24-25-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
23-25-мартта Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы
23 мартта мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. 24-25-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Кыргыз Республикасы боюнча күтүлгөн аба-ырайынын болжолу
23-мартта Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
24-мартта Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда бир аз жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 25-мартта жана 26-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ