Menu

Бишкек-Ош унаа жолунда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү иш-чаралары актады

Бөлүшүү:

Бишкек-Ош (121-129-чак.) жана Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолдорунда коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2018-жылдын 25-мартына чейин кар көчкү коркунучу бар аймактарда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Ошого байланыштуу адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КРнын Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасы–Премьер-министрдин 2018-жылдын 20-мартында №11 буйругу чыккан.

Жогорудагы иш-чараларды жүргүзүү үчүн, КР ӨКМ ыкчам тобу жана КР КК ГШ артиллериялык эсеби тарабынан, 2018-жылдын 22-мартында Бишкек-Ош унаа жолунун 128-чакырымында (Төө Ашуу ашуусу) саат 11:45тен 12:15ке чейин 8 снаряд атышып (3 жарылган эмес), кар көчкү түшкөн эмес. Бишкек-Ош унаа жолунун  121-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу) саат 14:00дөн 16:20га чейин 10 снаряд (1 жарылган эмес) атылып, натыйжада  болжол менен 50 000м3 кар көчкү түшүрүлгөн. Анын 1720м3 жолго түшкөн. Жол убактылуу жабылган. Кар көчкүсүн тазалоого “МостДорСтрой” ишканасынан 3 жүктөгүч тартылып, жол тазаланып ачылган. Сосновка  постунда унаалардын баардык түрлөрүнө убактылуу коюлган чектөө алынды.

КР КК ГШнын артиллериялык эсеби атуу иш-чаралары бүткөндүгүнө байланыштуу туруктуу ордуларына саат 20:30 жетишти.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: