Өзбекстандын Башкы прокуратурасы жана Ички иштер министрлигиндеги өз булактар билдиргендей, Ташкентте бир күндө атайын кызмат, прокуратура жана салык инспекциясында иштеген жыйырма беш киши кармалды.
20-мартта жүргүзүлгөн рейд учурунда кармалган жыйырма беш киши Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыров жана Ташкент шаарынын прокурорунун орун басары Мираглам Мирзаевге карата козголгон кылмыш ишинин алкагында сурак беришти.
Маалыматтарга караганда, кармалгандардын ичинен 18 киши ИИМдин убактылуу абагында. Калган 7 киши ошол эле күнү бошотулду жана тергөөчүлөр чакырган маалда келип турууга милдеттеме алышты.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бул боюнча маалымат жок экенин билдирди.
17-мартта Шавкат Мирзиёев Самарканд облусунда сөз сүйлөп, мурдагы башкы прокурор Рашид Кадыров өз убагында кол алдында иштегендерден ай сайын ири өлчөмдө пара алып турганы үчүн түрмөгө отургузулганын айткан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ