Бишкек ЖЭБинин кызматтан алынган директору Нурлан Өмүркул уулу ЖЭБди модернизациялоодогу 386 миллион доллардын кандайча майнапсыз жумшалганын айтып чыккандан бери «Энергохолдинг», «Электр станциялары», «Модернизацияны башкаруу тобу» калп да болсо бир жүйө келтирип жооп айтканга жарашпай, чээнге кирип бекинип алышты. «Энергохолдингдин» жетекчиси Айбек Калиевдин өзү баш болуп, «Электр станциялары» ишканасынын, «Модернизацияны башкаруу тобунун» жетекчисин кошуп журналисттерге интервью бердиртем деп убада берген экен, учурда куйругун карматпай качып жүргөнүн маалымат булактары жазды. Арты таза болбой куйруктарында калбыр болсо, качпаганда эмне кылышмак эле. Бирок качанкыга чейин качышат? Эртедир- кечтир жооп берчү күн келет да! Ал кезде журналисттердин суроолоруна эмес, тергөөчүлөрдүн сурагына жооп берүүгө туура келет. Ылайым ошондой болсо экен…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ