Муфтият 2018-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн ар бир адамга түзүлгөн калькуляция 2 миң 890 долларын түзгөнүн маалымдады. Алардын билдирүүсүндө, каттоодон өтүп макулдук алган жарандар акчаны 13-апрель кечки саат 17:00гө чейин РСК банкына төлөөлөрү зарыл. Өткөн жылы ажыга баргандар 2 миң 760 доллар төлөшкөн. Баанын кымбатташы Сауд Аравиянын Кыргызстанга бөлүнгөн квота менен бирге, келишимдин үстүнө беш пайыз кошушуна байланыштуу болгон. Быйыл 5485 киши зыярат кылат. Алар июль айынан баштап жөнөтүлөт.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ