Menu

Жогорку Кеңеш Кытай компартиясынан жардам албаганын билдирип, Фарид Ниязовдун калпын чыгарды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-мартта КСДПчы депутат Рыскелди Момбеков “Азаттык” радиосуна КСДП партиясы Кытай коммунисттик партиясынан 1 миллион сом жардам алганын, ал акчаны Форум ишканасындагы (Алмаз Атамбаевдин жеке менчиги- ред. КТ) жыйындар залын оңдоого, партиянын ишмердигин жана кеңсесин каржылоого жумшай турушкандыгын билдирген.

– КСДП партиясы Орусиядагы “Единая Россия”, Казакстандагы “Нур отан”, Кытайдын Компартиясы менен да жакшы байланышы бар. КСДПга жардам иретинде Кытайдын коммунисттик партиясынан 1 млн. сомдун тегерегинде гранттык каражат келген экен. Партиянын ишмердигине, кеңсесин каржылоого, Форумдагы партиянын жыйындар залын оңдоого жумшалат деген маалымат уктум, – деп айткан Момбеков.

Журналисттер КСДПнын төрагасынын орун басары Фарид Ниязовго бул маселе менен кайрылышканда ал алгач бул фактыны тастыктаган.

Кытай коммунисттик партиясы акчалай эмес, техникалык жардам көрсөткөн, бирок ал КСДПнын балансына өткөрүлө элек. Техникалык жардам. Былтыр күзүндө келген. Азырынча колдоно элекпиз, – деп жооп берген.

Ошол замат социалдык тармактарда чуу көтөрүлүп, мыйзам боюнча кыргыз партиялары чет мамлекеттен жардам алалбайт. Эгер жардам алса бул кылмыш деп чыгышты.

-Мен саясый партиялар боюнча мыйзамдын авторлорунун бири катары айтайын, КСДП же башка бир партия чет өлкөдөн жардам алса бул кылмыш болот. Мыйзам буга жол бербейт. Бул мына азыр Франциянын экс-президент Саркози сыяктуу окуя. 2007-жылы президенттик шайлоодо Саркози Ливиянын президенти Каддафиден 50 млн доллар жардамга алганы азыр билинип калып, Саркози камакка алынды, – деп билдирди саясатчы Равшан Жээнбеков.

Ушундан кийин гана КСДПнын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов кайра билдирүү жасап, өзүнүн мурунку айткандарына тактоо киргизди.

Мен силер чалгандан кийин эмне үчүн баланста жоктугун тактадым. Көрсө, КСДП партиясы эмес КСДП фракциясынын катчылыгы экен. Алар баары “алдык, алдык” дешкен. Биз да алганбыз деп эсептегенбиз. Кытай коммунисттик партиясынан жардам Жогорку Кеңештин алкагында алынган, ошого ал биздин баланста жок. Жардамды парламент, анын ичинде КСДП фракциясы алыптыр, – деген Фарид Ниязов.

Бирок КР Жогорку Кеңешинин басма сөз кызматынын жетекчиси Нуракун уулу Ибраим КСДПнын төрагасынын орун басары Фарид Ниязовдун айткандарын калпка чыгарды.

– Мен бизге келген бардык жардамдарды текшердим. Кытайдын Коммунисттик партиясынан 1 миллион сом албаптырбыз. Негизи Жогорку Кеңеш элчиликтер, парламентаризмди колдогон эл аралык уюмдар менен дайым иштешип, техникалык жардам, консультация, эксперттик жардам алып турат. Кытайдын Компартиясынан андай жардам келбептир. Болгону былтыр Жогорку Кеңештин аппаратына 1 миллион сомдун тегерегинде техникалык-гранттык жардам берилген. Бирок аны Кытайдын Компартиясы эмес, Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги өз эрки менен берген. Акча түрүндө эмес, техниканы өздөрү алып берген. Расмий түрдө айта алам, 2017-жылы Кытайдын Компартиясынан эмес, Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинен жардам болгон, – дейт Ибраим Нуракун уулу.

Фарид Ниязовдын логикасын түшүнүү кыйын, Кытай компартиясынын акчасын КСДП партиясы албай парламенттеги КСДП фракциясынын катчылыгы алса эле бир нерсе өзгөрүп кетеби? КСДП фракциясынын катчылыгы деле КСДПнын структурасы болот да жана анын ар бир кадамына партия жооптуу эмеспи.

Анан дагы Фарид Ниязов айткандай? Кытай компартиясы жардамын парламентке берсе анда эмне үчүн жалпы парламентке тийбей КСДП фракциясынын катчылыгынын менчиги болуп калат?

Эми бул ызы-чуу токтобосо “Форум” ишканасынын ремонту токтоп, КСДПнын кеңсеси менен ишмердиги каржыланбай калабы?

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: