Menu

Ырыспай Майлыбашев, Кара-Кулжалык ишкер: Өндүрүшү жок өлкө – келечексиз!

Бөлүшүү:

Бейчеки текшерүүлөрдү кыскартуу – ишкерликтин туруктуу өнүгүшүнө гана өбөлгө. Өндүрүшкө максатталган кредиттер узак мөөнөткө жана аз пайыздык ченемдер менен таратылса, экономика ыкчам өйдөлөшүнө өтө ыңгайлуу шарт жаратат. Бул өңүттө “Шаркыратма” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Кара-Кулжа райондук ишкерлер бирикмесинин төрагасы Ырыспай МАЙЛЫБАШЕВ  кабарчыбызга ой бөлүштү.

– Ырыспай мырза, «Шаркыратма» жоопкерчилиги чектелген коомунун (ЖЧКсынын) ушул тапта тармагы кыйла эле кеңейгендир?

– Албетте. Заман талабына жараша тармагыбызды улам кеңейтип, элет жериндеги көп кырдуулукка абдан бекем ыктадык. Бир эле мезгилде соода-сатык менен өтө тыкыр алектенебиз. Айыл чарба продукцияларын дагы кайрадан иштетебиз, Анан бара-бара өндүрүшүбүздүн кулачын ыраса кеңейткенге аракетибиз күч.

– Мунун башкы сыры эмнеде?

– Президентибиз Сооронбай Жээнбеков чечкиндүүлүк кылып, ыксыз текшерүүлөрдү биротоло тыйбадыбы. Бул аркылуу ишкерлердин жана фермерлердин жоопкерчилигин дагы күчөтүп, алардын мүмкүнчүлүктөрүн ого бетер кеңейтти. Танып не. Мындай шарт Кыргызстандын тарыхында дегеле болгон эмес!

– Бирок, олуттуу көйгөйлөрдөн дагыле арыла элекпиз да?

– Ооба. Өндүрүшкө, айрыкча кайрадан иштетүү тармагына акчалай кредиттер көп жылдык мөөнөткө, анан жетиштүү көлөмдө кечеңдетилбестен берилиши абзел! Анын үстөк пайызы дагы азыркыдан кыйла төмөндөтүлүшү кажет! Ансыз азыркындай кредиттер алдамай жана өзүн-өзү дегеле актабайт.

Эгерде кредитти алуу тартиби азыркыдан дагы жөнөкөйлөштүрүлсө, жер-жерлерде орто жана чакан ишканалар арбын курулат. Ошентип, кошумча жумушчу орундар дагы түзүлөт. Жаштарыбыз чет өлкөлөргө жумуш издеп тентишпейт. Тескерисинче, сырт жактагылар мамлекетибизге кайра кайтышат. Кыскасы, мүмкүнчүлүктөрүбүз абдан эле толтура. Муну биз сарамжалдуу гана пайдаланбай келатабыз.

– А Кыргыз-Орус өнүктүрүү Фондунун мүмкүнчүлүгүнөн неге урунбай жатасыздар?

– Кечиресиз! Ишкерлик жана фермерчилик – коммерциялык түзүмдөр. Ошол себептүү биздин аракетибиз Кыргыз-Орус өнүктүрүү Фондунун талаптарына таптакыр ылайык эмес! Андыктан, кайрылсак деле бизди эзели колдошпойт. Бекер гана убакыт коротобуз.

– Ошого карабастан өндүрүштү оожалтып келатасыздар?

– Көп жылдык тажрыйбабыздан улам көзүбүз биротоло жетпедиби. Өндүрүшү жок өлкө – келечексиз! Ошондуктан, «Шаркыратма» жоопкерчилиги чектелген коому акыркы кезде мобундай үй эмеректерин өндүргөнгө дагы бекем ыктадык. Күнүмдүк турмуш-тиричиликке керектүү башка буюм-тейимдерди дагы белендөөгө батыл кириштик. Жакын арада бут кийим тигүү фабрикасын ишке түшүрмөкчүбүз.

Болочокто алыскы жана жакынкы өлкөлөргө Кыргыз кымызын байма-бай экспорттойбуз. Көмүр өндүрүү көлөмүн азыркыдан дагы көбөйтөбүз. Мөмө-жемиштерди кайра иштетип, андан сапаттуу азык-түлүктөрдү үзгүлтүксүз  өндүрөбүз. Суусундуктардын түрлөрүн ого бетер көбөйтөбүз.

Ырыспай мырза, соңку жылдарда Кыргыз Парламентинин ишине анчалык ичиңиз чыкпай жүргөндүгүн баамдадык. Эмнеге?

– Кыргызстан өңдөнгөн кичинекей өлкөгө чакан жана кубаттуу парламент – 60 депутат жетиштүү! Мунун отузу Бишкек шаарында такай иштеп, мыйзамдарды гана жазсын! А дагы отузу Эл Өкүлү сыңары аймактарда – калк арасында туруктуу иштешсин! А калганы ашыкча, ашка – жүк, башка – жүк!

Карасаңыздар, канчалаган мыйзамдар жазылып, кабыл алынып эле жатат. Кана, алардын эл үчүн иштегени? Жок дегенде ар бир мыйзам беш жылдан кем эмес калкка кызмат кылганда, мындан чындап утат элек. Ансыз ага акча дагы, акыл дагы коротуп эмне зарыл, ыя?

Булак: “Майдан.kg” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: