Menu

Биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев 30.000. доллардын уурдалышы боюнча УКМКга сурак берди

Бөлүшүү:

Кечээ, 22-мартта Улуттук коопсуздук комитети КР Жогорку Кеңешинин кассасынан уурулук жол менен чыгарылып кеткен 30.000. АКШ доллары боюнча ачылган кылмыш иши боюнча биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиевди суракка чакырды.

Буга чейин КР Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин аппаратынын жетекчиси Арсен Закиров парламенттин кассасынан 30.000. доллар накталай акча уурдап алганы билинип калып, анын үстүнөн КР Кылмыш-жаза кодексинин 171-мамлекеттик мүлктү өзүнө уурдап алуу жана 350-жасалма документтерди жана мөөрлөрдү жасоо беренелери менен кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө ошол кездеги Эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасы Аскарбек Шадиев Россияга, Чыңгыз Айтматов сыйлыгы үчүн  деп банк аркылуу которула турган 30.000. АКШ долларын Арсен Закировго “накталай акча түрүндө колуна эле берели” деп суранып, спикер Чыныбай Турсунбековго кат жазып жатып, акчаны накталай кассадан колуна алып бергени белгилүү болду. Ал 30.000. доллар Арсен Закировдун колуна тийгенден кийин акча Россияга жөнөтүлбөй уурдалып кеткен. Закиров акча Россияга жөнөтүлдү деген жасалма кагазды тапшырган. Арсен Закиров колго түшкөндөн кийин анын шериктери 30.000. доллар таба коюшуп, ал акчаны парламенттин кассасына сала коюуга аракет кылышкан.

Өтө шектүү афера, эмне үчүн банк аркылуу эле которуп жиберишпей кассадан накталай колго алышкан? Бул өзү да мыйзам бузуу болуп эсептелет.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 50 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: