Menu

Атамбаев КСДПнын 31-марттагы съездинде Сооронбай Жээнбековду “сындырабы”?

Бөлүшүү:

Президент Жээнбеков менен экс-президент Атамбаевдин ортосундагы тымызын тиреш улам күч алып баратканы тууралу эл арасындагы уу-дуу сөздү Атамбаевдин кол баласы Мээрбек Мискенбаевдин 17-марттагы  Жээнбековдордун кооросуна ыргыткан ташы ого бетер күчөттү. Анткени Мээрбек Мискенбаев деле камикадзе эмес, ал АШАдан же Фарид Ниязовдон ишараат болбосо “Асилбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырсын!”  деп кыйкырбайт болучу. Демек мындай комбинациялар партиянын эң жогорку эшелонунда даярдалып, ишке ашырылып жатат.

Быйыл 8-февралда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков “Коррупциянын башында силер турасыңар!” деп сөөмөй кезеп, Атамбаев дайындап кеткен күч  структураларынын жетекчилеринин жүрөгүнүн үшүн алып койду. Айрымдары чын эле кызматтан алып коёбу деп коркушса, айрымдары “коррупция менен күрөштү эми Жээнбеков баштай турган болсо буга чейин биз коррупция менен күрөшпөй эмне бок жеп жүрдүк беле?”деп нааразы болуп жатышыптыр.

Аны улай үрөй учурган имиштер эл арасын аралап күчөй баштады. “Ала-Арча” резиденциясында  Атамбаев кызып алып, жөө-жалаңдап,  Сооронбай Жээнбековдун үйүнө барып, ызы-чуу салыптыр. “Сени мен президент кылгам, эл арасындагы рейтингиң 3% болчу, мен 53%ке көтөрдүм” деп толук жана эч бир шарты жок баш ийүүнү талап кылыптыр. Ал койгон кадрлардын бирине да тийишпөөсүн, эгер тийишсе да жаман болорун эскертиптир. Бирок Соке досу “Мени эл шайлаган!” деп кыска жооп берип, сүйлөшпөй үйүнө кирип кетсе Атамбаев башы шылкыйып, ызырынган бойдон кайра кетиптир дешет. Бул тууралу саясатчы Эдил Байсалов баштаган блогерлер да  социалдык тармактарда ачык эле жазышууда. Мунун канчасы чын канчасы калп экенин биз билбейбиз, бирок аргасыздан 2008-2009-жылдардагы оппозиция чыгарган ушактар эске түшөт.  Анда “Максим менен Жаныш Бакиевдер уруша кетип, Максим пистолет менен атканда Жаныш эңкейе калса ок Курманбек Бакиевдин жамбашына тийиптир!” деп айтышса ооз ачкан адамдар аны андан ары арбытып айтып киришчү.

Президент менен экс-президенттин ортосундагы ушундай  мамиле тууралу уу-дуу сөздөн улам КСДПнын ичинде да эки жикке бөлүнүү пайда болуп, көпчүлүгү Жээнбеков тарапка ооп жатканы айтылууда. Партия мүчөлөрүнүн айткан-дегенинен , баскан турганынан улам Фарид Низов, Алмаз Үсөнов, Мээрбек Мискенбаев сыяктуулар Атамбаевдин лагеринде калышса Рыскелди Момбеков, Иса Өмүркулов, Дүйшөн Ирсалиев, Дастан Жумабеков  жана Асилбек Жээнбековдор баштаган топтор Сооронбай Жээнбеков тарапка оогонун боолголоого болот. Ошондон улам “КСДПчылардын баары Жээнбековдорго тарапка ооп кетиптир” деген сөздөр чыгууда.

Бирок, Алмаз Атамбаев менен Фарид Ниязовду жөнөкөй кишилер деп ойлоо чоң жаңылыштык. Алар Кокон саясый технологияларын өтө бийик деңгээлде өздөштүргөн саясатчылар. Оңой менен бийликти Сооронбай Жээнбековдун колуна бере коюшпайт. Азыр Жээнбековго каршы ачык конфронтацияга чыкпай, тымызын оюндарды ойноп бөгүп жатышат. Ошондуктан кубануудан оолак болгон жакшы. Биздин билермандардын айтуусунда президент Жээнбековду эл алдында “сындыруунун” бир комбинациясы төмөнкүдөй экен:  Былтыр Жээнбеков президент болору менен эң биринчи указы – бул Алмаз Атамбаевге “Кыргыз Эл Баатыры” деген наамды ыйгарган. Эмнегедир Атамбаев ал сыйлыкты Жээнбековдун колунан Ак үйгө келип алуудан баш тартып,  чоюп келатыптыр. Эми 31-март күнү КСДПнын съездине келип тапшырасын деп талап кылат экен.  Анан ич ара тирешип жүргөнүнө карабай Сооронбай Жээнбеков КСДПнын съездине барып, протокол боюнча Алмаз Атамбаевди аябай мактап, күлүп-жайнап, Баатырдын алтын жылдызын көкүрөгүнө тагууга аргасыз болот. Аны бүт дүйнө көрө тургандай кылып КТРК деген “кара жащик” түз эфирден жайылтат. Ошентип президент Жээнбеков эми экс-президент Атамбаевге жагалданып жатат деп элге көрсөтүп, азыр топ-тобу менен Жээнбековду колдоого өтүп жатышкандардын арасында Жээнбековду “сындырышат”  дешет. Анан демилгени өздөрү колго алып, бийликтердин бардык бутактарынын үстүнөн КСДПнын гегемониясын орнотобуз деп кыялданып жатышыптыр. Бекеринен Россиянын гегемон партиясы “Единая Россия” менен кызматташуу келишимин түзүп, тажрыйбасын үйрөнүп, Кытай гегемону болгон коммунисттик партия менен кызматташып, 1 миллион акчасын жардамга алып жатышкан жок. Болгону Назарбаевди таарынтып алганынан улам “Нур Отан” менен болгон жылуу мамиле солгундай түштү.

Айта кетчү нерсе, Сооронбай Жээнбеков былтыр октябрда президент болуп шайлангандан бери  мыйзам боюнча партиядан чыкты. Ал азыр эч бир партиянын мүчөсү эмес. Ал азыр элдин атасы – бир мамлекеттин башчысы. Баардык жарандарга жана партияларга тең караш керек. Жээнбеков бир эле КСДПнын президенти эмес. Ошондуктан ал мыйзамды жана элди сыйласа КСДПнын съездине барбаш керек. Атамбаевдин сыйлыгын Ак үйдө же мамлекеттик резиденцияда эле тапшырсын. КСДПнын съездине барып жагалданып, жалпы журттун назарынан калып, сынгандан көрө бир ууч КСДПчылардын көнүлүнөн эле калганы жакшы. Ошондо гана акырындап, Сооронбай Жээнбеков жалпы улуттук лидерге айланат.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: