Menu

Экс-президенттин чындыгы – Роза Отунбаева: «Ак үйдөн Акаев качып, бийлик элдин колуна өткөндө жаңы түзүлүп жаткан саясий бийликке Атамбаев саясий фигура катары кирген жок»

Бөлүшүү:

Экинчи маек . (Башталышы мурунку санда)

-Элге таш ыргытылган кезде, арына келген эл ак кепкачандардын артынан кууп Ак үйгө чейин кирип кетишти. Сиздердин деле Ак үйдү басып алуу, президент Акаевди кууп кетирүү максатыңар жок болсо керек эле?

— Кайдан?! Биз Акаевди мыйзам чегинде таза шайлоо өткөр деп дубалга такап, элдин сүрүн көрсөтөлү деген гана оюбуз бар эле. Аянтта бир жума болсо бир жума, эки болсо эки жума туралы, боз үйлөрдү тигели, ошол күндөрү аянттагы чогулган элдин тамак-аш жана башка турмуштук маселелерин кандай чечебиз деген ойлорго жооп издеп турган кез болучу. Ак үйдү мынчалык тез багынып, жеңилет деген ой түшүбүзгө да кирген эмес. Мындай бурулушка биз такыр даяр эмес болчубуз, эмне кылаарыбызды билбей калдык. Бирок бир жагдайды эстен чыгарбоо керек, ал күндөрү Ош, Жалал-Абад, Талас региондорунда бийлик элдин колунда болуп, элдик губернаторлор шайланып калган болчу, Акүйдүн бийлиги чектелип калган, бийлик кандайдыр бир деңгээлде колдорунан чыгып да калган. Бул күчтүү фактор болчу.

— Акаев Ак үйдөн дегеле Кыргызстандан эмнеге качып кетти деп ойлойсуз?

— Сурап калдың, мен өзүмдүн көз карашымды айтайынчы. Өзүңөр көрүп жүргөндөй ал кишини кайтарган офицерлер, бир тобу — ​орус улутундагы жигиттер болчу, баары эле генералдыкты алып, таттуу нанга көптөн бери көнүп калышкан эле. Бул кызматтын катуу эрежеси боюнча кайтаруунун объектисин, өзгөчө ал “номер биринчи” адам болгондон кийин, кооптуу кырдаалдан эмне болсо да алып качып сакташ керек болучу, иш башкача болуп кетсе, погондорунан айрылышып, жоопко тартылмак. Менин оюмча Акаев өзүнүн сакчыларынын курмандыгы болуп калды. Мен муну кийин 2010-жылы түштүктөгү жаңжал маалында, Ошко биринчи жолу жөнөп бара жатканымда кайтаруучу офицерлер мага “Бронежилетти кийиңиз, кийбесеңиз болбойт!” деп таңуулап кийгизгенде сездим. Аны кийсем, бир да сырт кийимим батпайт, шашып, илгичте турган боз болонья куртканы кийип самолётко жөнөптүрмүн. Ансыз деле Убактылуу Өкмөттүн айтылуу гана мүчөлөрү барып, башкалары ал жерге бир карыш да басып барбаганын билген эл мени көрүп, мага карата эмнени гана айткан жок, канча сөз уктум, канча кишинин каарына калдым ошондо, ошол мен шашылып кийип алган куртканын өңүнө дагы асылышты го! Мамлекет үчүн жоопкерчиликти моюнга алгандан кийин чыдаш керек болду, чыдадым. Баарын көтөрдүм. Кырдаал оор болчу. Бирок мен Ошко бардым, ошол жерде кан жутуп отурган элдин арасында болдум. Тынч заманга жетсек калганын мезгил өзү таразалайт деген ишеним бар эле. Ошол 2005-жылы Акаевдин эрки бар болсо эмнеге элден, өзүнүн өлкөсүнөн качат? Бул киши бир жолу да кыйын кырдаалда, чыр чыгып, от-жалын күйүп турган тополоң жерлерде элге чыгып, журтту аралап жүргөн жок да, андай учур биздин эсибизде жок. Жылуу-жумшак, кызыл килемдин үстүндө басып, тандалып чогултулган кишилер менен гана кезигип 14 жыл бою Ак үйдүн 7 кабатында отурду, ошол жерден элди башкарды. Эл менен бетме-бет туруп, элдин көзүнө тике карай турган учур келгенде, жоопкерчиликти тарта турган мезгилде уурулук жасаган майда балдардай форточкадан качып кетти. Мен терең ишенем, ал кишини эчким эчтеке кылбайт эле, Акүйгө биринчи катарда кирип кеткендердин арасында Турсунбек Акун, кийин барган Азимбек Бекназаровдор Акаевге кол тийгизбей, аны коргоп, өздөрү токмоктолуп калса да, аны сактап калышмак деп бөркүмдөй көрүп турам ал учурду!

— Кан төгүлбөсүн деп өз эрким менен Кыргызстандан чыгып кеттим деп Акаев кийин көп айтпадыбы, муну кандай баалайсыз?

— Бакиев качкандан кийин бул версия чындыка коошуп калды деп ишенет го ал жарыктык! Лидерлик сапаты жок экени ошол тагдыр чечүүчү учурда оркоюп билинип калбадыбы, ага күбө болдук го. Аксы окуясында да, 24-март элдик көтөрүлүштө да ийинге кирип, адегенде вазирлерин элге сүйлөттүрбөй, өзүнүн чечимин, көз-карашын элге билдирбей, сот-прокурорлорго буйрук берип, саясий атаандаштарын түрмөлөргө тыгып, саясатты такыр булгап жибергенин азыр деле кечээ эле болгондой даана көрүп турабыз го. Ошончолук болгондо да элдин каарын угуп-көрүп, Акаев элден кечирим сурап, ошону менен эл арасында калып, ээн басып жүргөнү канчалык баалуу эле. Буга не жетсин?!

— 24-Марттагы жеңиш — ​бул жалпы оппозициянын жеңиши десек туура болобу? 2005-жылкы ЖК шайлоосундагы утулган, утуп келген депутаттардын баары Бакиевди курчап, революционерлерге ыктап калбады беле?

— Негизи баарыбыздын жеңишибиз болду, 2005-жылкы парламенттик шайлоого чыгарда оппозиция эки баштуу кыймыл болуп чыккан: Бакиевди башына коюп ЖКдагы күчтүү оппозициялык депутаттар Кыргызстан Элдик Кыймылы деп, экинчиси -“Ата-Журт” деп Докем экөөбүз баштаган. Чынын айтайын башынан эле ортобузда ырк жок болду, “Ата-Журт” кыймылына кирген саясатчылар Бакиевди такыр жактырбай, ага жолобой коюшту, жадегенде атайын Акаевдин көзүн күйдүрүп Аширкуловду, Атамбаевди чакырып, оппозиция кошулду деп шампан ичип аткан жыйында да элге кошулбай четте отурушту. Ал сүрөттөр прессада көп эле таркап жүрөт го. Шайлоодо ар бири өзүнүн округдары менен алышып, катуу туруштук берип жатышты. Аягында ахвал оорлоп, бийликтин тарапкерлери жагынан акча суудай чачылган кезде, ар бир экинчи райондо чырлуу кармашуулар башталды. Бийликке каршы оппозиция баш кошуп, биргеликте акцияларды жасай баштадык, түштүк областтарда элдин маанайын өзүбүзгө чечкиндүү түрдө буруп алдык. Бишкекке Оштон А. Бекназаров менен 22-мартта чогуу келдим, утулган кандидаттардын башын кошуп, 24-мартта боло турган жүрүшкө даярдык көрө баштадык.

— Силердин 24-мартта Лениндин алдындагы трибунадагы сүрөттө Бакиев так ортосунда, аны эл колдоп турганын көрөбүз, демек эл лидерин тандоого даяр турганын көрсө болот го?

— Кызык ошондо болду! Эл аянтта кылкылдап турат, Сурабалдиевдин балдарын кууп чыккандан кийин эл өзүнө өзү кожоюн сезип, ким сүйлөйт, эмне сүйлөйт, кандай жолго эми түшөбүз деп кулагын түрүп турушкан. Микрофон деген жокко эсе, баары кыйкырып, ким эмне деп жатканын угалбайсыз, биринчи катардагылар эле угат. Жогоруда айтпадымбы, КЭК менен “Ата Журттун” ортосунда бир лидер болсун дегендей жалпы пикир жок болчу. Бирок аянтта Бакиев башкалардын арасында биринчи болуп сүйлөду, ошондо тангалычтуу нерсе — ​аянттагы жаштар “Бакиев-Бакиев”- деп кыйкырып турушту. КЭК тараптан жакшы эле даярдык көрүшкөн экен, өздөрү тандаган лидердин атын элге таңуулап, ураан кылып чакырып. Саясий сахнада авторитети төмөн, элдин жүрөгүндө орун албаган кишинин аты көпчүлүктүн оозунан чыкканы дагы өтө эле өөн угулат экен. Элдин колдорундагы абдан эле көп растяжкалар, плакаттар да андан бешбетер көп, алардын ичинде: “Доктор мы с тобой! Назаралиев вперед!” — ​деген плакаттардын көптүгүн көрүп таңкалганбыз. Мындай постановаларды атайын алдын ала жасагандыгы көрүнүп эле калды. Театрда мындай адамдарды клакеры деп коюшат. Баарыбыз Акаевдин үйбүлөлүк башкаруусуна каршы күрөшүп жүргөнүбүз менен, оппозиция ичинде дагы саясий лидерлик үчүн атаандаштык күрөш албетте болгон. Аянтта провокаторлор тынбайт, бирпаста кырдаал курчуп кетти, эл толкуп, мушташтар башталды. Ары-бери карасак Бакиев жок, Исаков да жок болуп калды ошондо. Бакиевдин критикалык кырдаалда кол жууп чыгып кетмей адаты бар экенин кийин даана билдик, көрдүк аны.

— Ошондо ак кепкачандар Бакиевди ташбараңга алып, кол салуу болот деген маалымат түшүп, аны коопсуз жерге алып кеткенин, Минск шаарында мен мурдагы президент Бакиевден маек алганда өзү айтып берген эле.

— Туура, баарыбызга маалым болгондой ал киши үйүндө Үсөнов Данияр менен манты жеп жаткан жеринен Ак үйгө “падышалыкка” алып келингени элдин оозунда эмеспи. Үсөнов, мен билгенден, бул киши такка чыгып жатканда да, анын бийлигинин акыркы күнүндө, 2010- жылдын 7- апрелинде Акүйдөн качып кетип жатканында да жанында болуптур. Ал учурда премьер-министр эмес беле. Бир маалда дагы бир чоң провокациядан кийин ситуация контролдон чыгып, элди эчким кармай албай калды, эл стихия каптагандай Ак үйгө карай дүркүрөп агылып, кирип бара жатты. Мындай селди эчким токтото албайт болучу. Азимбек, Турсунбек Акун, дагы бир топ коомдук активистер элдин агымынын куйругун кармаганга жетпей ал жакты карай чуркашты. Трибунада Топчубек Тургуналиев элди башкарып жатканы эсимде. Өтө коркунучтуу кырдаал болуп кетти. Анан мен Мелис Эшимканов менен Атамбаевдердин телефондоруна “Келбесеңер болбойт. Адамдарды башкаруу колдон чыгып кете турган болууда, Ак үйгө адамдар кирип баратышат. Тез келип калгыла!”– деп тынчсызданып адеп эле чалып жаттым. Элдер ак кепкачандарды тебелеп, Ак үйдүн ичине кирип кетишти. Четинен талкалап, ар кабаттагы айнектерден кагаз, портреттерди жерге таштай башташты. Бир сааттай убакыт өтүп кетти, бир убакта машиналардын үстүндө гвоздика гүлдөрүнүн сүрөттөрү түшүрүлгөн колоннаны баштап Атамбаев менен Эшимкановдор келишти. Аянттагылар аларды аябай кол чабуулар менен тосуп алышты.

— Ошондо Атамбаев өзү менен келгендерди “Ак үйгө барбагыла! Атат…”– деген экен. Кандайча Атамбаев 24-мартта силерге кошулуп, колоннаны аянтка алып келди?

— Мен андай сөздү укпаптырмын. Бирок 24-мартка карата мындай курч кырдаалда баарыбыз баш-күч кошуп бийликке туруштук бергенге бел байладык, акыркы күрөшкө чыккандай болдук. Эки түн бою КЭКтин лидерлери жолугушууларды жүргүзүп, жалаң эле түштүктүн саясатчылары Акаевге каршы чыгып жаткандай көрүнүш болбосун деп Чүйдүн, Нарын, Талас, Көлдүн утулган кандидаттарын тарта башташты. Бир убакта оппозиция кыймылынын жооптуу катчысы пайда болуп, ага Акылбек Жапаров дайындалып, Тургунбек Кулмурзаев, Алмаз Атамбаев жана Темир Сариевдер элге Чуй аймагынан төбөсүн көрсөтүшүп, Бишкектин элин тынчыткандай аракет жасашты. Ошол сүйлөшүүлөрдүн негизинде региондор балансы түзүлүп калгандай болду. Ошондо Ак үйдөн Акаев качып, бийлик элдин колуна өткөндө жаңы түзүлүп жаткан саясий бийликке Атамбаев саясий фигура катары кирген жок. Кийин жарым жылдан кийин, ошол 2005-жылдын күз айларында Бакиев чакырып, Атамбаевди өнөр жай министри кылып дайындаган. Ал кызматта алты-жети айча иштеп туруп өзү айтып жүрөт “өзүм кетип калгам” — ​деп, кандай себептен улам мындай болгонун билбейт экенмин. Балким Бакиевдер адатынча эле акырын түртүп салышты. Бирок, кийинки жылы, 2007-жылдын март айында Кулов менен Текебаевдер баштаган саясий митингдер күч алып, алар бийликти тынчтык жолу менен алмаштырабыз деген ураандарды айта баштаганда Бакиев кайрадан Атамбаевди чакырып, аны Өкмөт башчысы кылып дайындаган. Атамбаевдин бийлик тарапка өтүүсү оппозициянын демин суутуп, элди экиге бөлдү, ошентип апрель айында “көпүрө болом” деген шылтоо менен Бакиевдерге таяныч болуп барган Атамбаевдин Өкмөтү аянттагы элди таяк менен сабап, газ менен атып кууган. Борбордук аянттагы боз үйлөрдү душманды талкалагансып кыйратышты го ошондо. Кийинчерек бийлигин чыңдап алган Бакиев ноябрь айында Атамбаевди кайрадан жонунан таптап, орденин тагып, алдап-соолоп сыртка узатып койгон. Атамбаев ошол 2005-жылдагы март революциясын жалгыз жасаган болсо мына ушундай авалда болот беле? Анда кызматка келип анан кайра куулуп жүрбөйт эле да, отурат болчу лидер болуп… Албетте, тиги “Улан” микрорайонунун жанында чогулган элди аянтка баштап келгени чын, мына ошол жүрүшү менен 24-марттагы революцияга кандайдыр бир салым кошкону да чын. Бирок жогоруда айтпадымбы, мен кайра-кайра телефон чалып “келгиле” деп чакырып аттым деп, ал колонна борбордук аянтка келгенде эл эбак эле Ак үйгө кирип кеткен болчу.

— Бекназаров КСДПны жакында эле мактап жатып, ар бир революцияда ролу зор болду, кандай кана жетекчилер чыккан жок бул партиядан, мындай ийгиликке жетишкен бир да партия жок, бул ийгиликтер Атамбаевдин жеке эмгеги деп айтты. Эмне дейсиз буга?

— Туура, КСДПнын ийгиликтери көрүнүктүү болуп калды азыркы учурда, келе жаткан съезддин алдында Бекназаровдун бул баамы партиянын мүчөлөрүнө сыймык жана жаңы дем берет деп ишенем. Мен да ал партияда көп тажрыйба топтоп, ал партиянын атынан элдин үнүн бийлике жеткизгенге микрофонго жетип, элди өзүнүн түпкүлүктүү укугу үчүн күрөшүүгө шыктандырып, көтөрүп, 2010-жылы Апрель революциясынын жеңишине алып келгенибизге сыймыктанам. Партиялар жөнүндө азыркы учурда кызуу талкуулар жүрүп жаткан кезде КСДПнын баскан жолу, бутуна турушу үлгү жана сабак боло алат. Негизи, партиялар шайлоо учурунда такшалып, чоң тажрыйбага ээ болот экен. КСДП алгачкы 2000-жылы Атамбаевдин президенттик шайлоосунда мобилизация болуп, анан 2006–2007-жылдары “Реформа үчүн” кыймылынын митингдерине чыгып, кайта 2008–2010-жылдардагы парламенттик, анан 2009–2011-жылдарда президенттик шайлоолордо такшалды десем жаңылышпаймын. КСДПнын авторитети 2010-жылкы революцияга карата иш жүзүндө өскөнү талашсыз. Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында парламенттик фракциясы катары СДПКда болгону 11 депутат болсо дагы 90дон ашык “Ак-Жол” фракциясына туруштук берип, өлкөдөгү саясий майданда компас болгону айныгыс факт. Ар бир оор саясий кырдаалда, курч бурулуштарда биз партиянын атын жогору кармап, түшүрбөй, өзүбүздүн оюбузду ачык, тайманбай айтып жүрдүк. Дегеле парламенттик оппозиция кандай болуш керек, кандай иштеш керек дегенди биз дагы бир тепкичке көтөрүп, дайыма “Социал-демократтар катары биз мындай позицияда турабыз”- деп көп чыр маселелерге көз-караштарыбызды таамай айтып келдик. Биз андай сөздөрдү азыр укпайбыз го Жогорку Кеңеште, коом үчүн принципиалдуу деген маселелер боюнча КСДПнын депутаттарынын үнү чыкпайт, депутаттар партиянын программасына таянып иш жасап жатышабы, белгисиз! Биздин заманда партиянын аялдар канаты, жаштар канаттары түзүлүп, бир топ жерлерде партиянын областтык бөлүмдөрү түптөлгөн. Бирок, акыйкаттык үчүн айткым келет, эң чоң, калың эли бар Ош областында 2007-жылкы парламенттик шайлоого чейин көзгө көрүнө турган ячейкабыз жок болучу, кийин Асылбек Жээнбековдун талыкпас ишмердүүлүгү менен гана партиянын түштүктөгү канаты бар да болуп, күчтүү да болуп жүрөт.

— Бирок А. Бекназаров, А. Мадумаров, Ө. Текебаевден айрымаланып А. Атамбаев өзүнүн партиялаштары менен тарыхый окуялардын чордонунда болбогонун гезиттик хроникада да, саясий баамдарда да айтылып жүрөт. Бул чынбы?

— Биринчиден, Атамбаев 2010-жылга чейин депутат болгон жок да. Эң курч, саясаттын динамикасын кызыткан окуя-кыймылдар ошондо болуп жатты. Ошол окуяларда КСДП фракциясы, КСДП партиясы башка боордош партиялардын арасында өзүнүн авангарддык позициясын бекемдеп, 2010-жылкы Апрель революциясы, андан кийинки саясий процесстерде да жоопкерчилиги, чечкиндүүлүгү менен айырмаланып, партиянын өкүлү өлкөнү жетектеп турду. Бирок, ырас, азыр эстеп көрсөм, бир топ эле маанилүү окуяларда Атамбаев өзү жеке биз менен бирге катышпаптыр. Жүрөгүмдү тилген бир учур эсимден кетпейт: Түптө (мурун анда эл менен жолуктурбай, жергиликтүү бийликтер Болот Шерлерди жумуртка менен урдурган) курултай өткөзөбүз деп, оппозициячыл өкүлдөр ал жерге жетүүгө сапар алдык. Уюштуруучулардын арасында чыккынчылар бар экенин билбептирбиз (кызык, ошол адамдар тирүүбү, азыр деле бар бекен?). Биз Көлдүн эки тарабынан ал жерге бара жатсак, Болот Шер телефон чалып калды мага: “Текебаевди кайнатасынын үйүнөн милиция алып кетти, башкаларды да камап, курултайды өткөзбөгөндөй кылып бийлик чараларды көрүп жатат” — ​деп. Мен Аксуу раймилициясына жөнөдүм, түнкү саат 11–12-лерде жетсем, ал жерде Өмүрбек Текебаев менен Кубан Кадыровду суракка алып жатышыптыр. Жаңы эле дайындалган генерал Ишимовдун иниси милициянын башчысы экен, эмне эреже-укук бузулуп кетти, бул саясатчыларды бошоткула деп бир сааттай аны менен сүйлөшүп турганча, Кубан өзү да, Өмүрбекти да жолун таап, айнектен секирип, огороддор аркалуу качып кетишиптир. Аларды кууган бойдон машинелер да кетти. Алар жок мен да жолго түштүм, аркаман аңдытып машина уруп кууп келе жатат. Түнкү Караколдо көчөлөрдү кесип, тегеренип, изибизди жоготкондой кылып катуу келе жатабыз, же шаарды жакшы билбейбиз, тааныштарыбыз да жок. Таң атканга чейин качып-тегеренип, КСДП штабы деген бир этаждык тамга келдик, ал жерде Мирбек Асанакунов менен Өмүрбек Текебаев бар экен. Нары-бери ойлонгончо эле короонун эшигин түкүлдөтүп, ачкыла-ачкыла деп милиция келип калды. Биз ачпай турабыз, машиналарыбыз короонун ичинде, дарбазаны ачып кирип, короого ар кандай элдер чогула баштады. Бир маалда карасак, жалаң милициянын учётунда турган селсаяктар, алкоголиктер, жынысы белгисиз, түрү аялга окшош, бирок сүйлөгөнү эркектей болгон доңуздай аял баш болуп ачкыла эшикти деп үйдүн ичине киребиз деп эшикти дүңкүлдөтө баштады. Эшиги деле араң эле турган эски тактай эшик экен, аны ургулап, күчкө салып киргенде жулунуп ажырай баштады. “Текебаев, чык эшике” — ​деп короодо тургандар кыйкыра баштады. Мирбек болсо алы келгенче эшикти кармап жаап турат. Бир маалда эшикти балта менен ура башташты, көчөдө тургандар контролдон чыга турганы, аларды эчким тыйа албасы анык эле болду бизге.

Маектешкен Бекен Назаралиев

(Уландысы кийинки санда)

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: