Menu

Азимбек Бекназаровдун президент Сооронбай Жээнбековго ачык каты: “Унчукпай коюуга акым жок!” (уландысы)

Бөлүшүү:

Экинчи кеңеш:

Жылкыбызга жараша ышкырсак.

Сиз 6 жыл өлкөнү кимдер менен кантип башкарууну биротоло чечкенден кийин 6 жылдык Программаңызды элге ачык айтышыңыз керек. Программаңыздын өзөгү мурдагы Президенттер бүтүрө албаган, бүлүнткөн маселелерди бүтүрүү, үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган, уурдалганды кайтарган, адилетсиздикти жойгон, айтор көп жылдан бери чечилбей келе жаткан маселелердин чечилиш жолдорун көрсөтө алса туура болот. Эл азырынча сиздин “Атамбаевдин саясатын улантам, элет жерине көңүл бурам, коррупцияны Бабановдон баштайм”- дегениңизди гана билет. Чет элдик Программалардан көчүрүлгөн, жалпы илимий, кооз чет элдик терминдер менен ширетилген, формалдуу программаларга кыргыз эли эчак тоюп бүткөн.

Сиздин программаңыз жылкыбызга жараша ышкырылган, жети өлчөнүп бир кесилген реалдуу, аларды чечүүнүн жолдору, убактысы, механизмдери, жөнөкөй кыргыз тили менен жазылып так көрсөтүлгөнү туура болот. Программаңыз 2018-жылдын 7- апрелинен кечиктирилбей, жарыяланганы оң.

Үчүнчү кеңеш:

Жаман үйдү коногу бийлейт.

Эгемен Кыргызстандын сизге чейинки бардык Президенттери батышчыл, орусчул багытында саясат жүргүзүштү. Кыргызстанды Швейцарияга, Малайзияга, бери дегенде жаңы Орусияга окшоштурушуп, Орто Азиядагы “демократиялык аралча”, “адам укугу сакталган өлкө” аташты. Президенттердин чет элден келишкен кеңешчи-үй-бүлөлүк досторунун кеңеш-жардамдары менен ондогон Конституциялык реформаларды тар чөйрө менен даярдап (жазып), референдум жолу менен өткөрүп алуу адатка айланды. Дүйнө жүзүндөгү бардык адам укугу менен эркиндиктеринин топтому, гендердик саясатта, улуттук асчылыктын кызыкчылыгын коргоо, шайлоо системасын, сот, укук коргоо органдарын, жергиликтүү бийликти реформалоо, жеке менчикти, бизнести өнүктүрүү, жер, айыл чарба, салык, бажы, билим берүү, медицина тармактары, менчиктештирүү, кен байлыктарды иштетүү жана башка маселелер боюнча чет элдерге окшошобуз деп, саясий шарттар менен миллиарддалган кредиттер алынып, кумга сиңген суудай жок болду. Турмушубуз жаңыланбай же эски бойдон калбай кайда барсаң Мамайдын көрү дегендей абалда. Булар боюнча ондогон Конституция, миңдеген мыйзамдар жазылды, бир гана жердин, мамлекеттин ээси болгон- кыргыздар жөнүндө, алардын келечеги, өткөн тарыхын, маданиятын, каада-салттарын, тилин, динин, жашоо мүнөзүн орус жытынан арылтып, заманбап жаңылайлы, өнүктүрөлү, кайра жараталы (трансформацияланалы) деген саясат реформа жүрбөдү, бул максатта кредиттер алынбады.

Жыйынтыгында Кыргызстан Орто Азиядагы үй-бүлөлүк башкарууну, коррупцияны өнүктүрүү боюнча чоң лабораторияга айланды. Бул лабораторияда жоокер мүнөз кошоматчылыкты билбеген, эркиндикти, момундукту туу тутуп жашаган кыргыз улуту карайлап калды. Сиздин программаңыздын өзөгүн-улутум кыргыз, урааным Манас, диним салттуу мусулманчылык, демократиясы элдик курултай, жер-суунун, кен байлыктардын, мамлекеттин ээси – кыргыздар деген саясат жыттанып, кыргызга көңүл бурулушун каалар элем.

Төртүнчү кеңеш:

Алыскы туугандан, жакынкы коңшу артык.

Сизден мурдагы Президенттер коңшу өлкөлөргө караганда те океандын ары-бери жагы менен алака түзүүгө, жок эле дегенде “улуу агабыздын” этегин бекем кармап жүрүштү. Бул жаман эмес дечи, бирок бирөөсү да те илгертеден Кудай буйруп, мазары, базары, дини, тили бир, бир суудан суу ичкен, бир мамлекетте жашап келген бир тууган — ​өзбек, тажик, казак коңшулар менен бир туугандарча мамиле түзө албай, тарыхый душман элдей абалда жүрөбүз. “Каримовдон өлгөндө кутулабыз” деп жүрүп, эми минтип Нуракебиздин (Назарбаев) каарында калдык.

Сиздин эң башкы максаттарыңыздын бири болуп коңшу өлкөлөр менен жок эле дегенде СССРдин мезгилиндей мамиле түзүлүп, визасы жок катташуу, эркин соода-сатык жүргүзүүгө жетишүү болуш керек.

Бешинчи кеңеш:

Конституция буйлаланган төө эмес, ал укуктук мамлекеттин пайдубалы.

Жогоруда айтылгандай Конституциябыз жеке Президенттердин кызыкчылыктары үчүн гана кайра-кайра өзгөртүлүп, өлкөдө үй-бүлөлүк башкаруу орноп, ага чыдабаган эл эки элдик революцияга чыгышты, 2010-жылдын апрель революциясынан кийин тарыхый жоопкерчиликти мойнуна алган Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү: үй-бүлөлүк башкарууну камтыган Конституцияны оңдоп-түзөп жатып, өздөрүнөн кийин бийликке келген Президент же Жогорку Кеңеш мурдагыдай өздөрү үчүн Баш мыйзамыбызды өзгөртүп албасын деп, Конституциянын өзүнө 2020-жылдын күзүнө чейин өзгөртүлүүгө тыюу салып, 10 жылдык мораторий жарыялаган Убактылуу Өкмөт бул кадамга: 10 жыл ичинде эмнебиз туура, эмнелер оңдолууга жатат, элдин таразасынан өтсүн, андан соң коомчулуктун кенен пикиринен кийин Жогорку Кеңеш аркылуу ийне-жибине чейин талкууланып, үч окуудан кийин өзгөртүүлөр кабыл алынса (1993-жылкы Конституция сыяктуу) деген аруу тилек болгонун өзүңүз жакшы билесиз. Конституция бул укуктук, демократиялык мамлекеттин пайдубалы. Кандай гана үй болбосун, анын пайдубалы бекем болбосо, кыйшык болсо, ал үй эч качан бекем болбойт. Азыркы Конституциядагы кетирилген кемчиликтер оркоюп көрүнүп калды. 2020-жылга чейин дагы коомчулуктун пикирлерин эске алуу менен Конституцияга өзгөртүү киргизүү, оңдоо вазийпасы сизге буйруду, эң башкысы сиз өз кызыкчылыгыңыз үчүн эмес, Конституциянын өзүндө көрсөтүлгөн мөөнөттө, тартипте коомчулуктун калың катмары талкуудан өткөрүлгөн Конституция Жогорку Кеңештен кабыл алынат.

2020-жылга чейин эки жыл бар, ошол мөөнөткө даяр баруу жана коомчулуктун пикирин терең изилдөө, билүү, топтоо үчүн быйыл кенен форматтагы Конституциялык кеңешмени өз жарлыгыңыз менен түзүп, ишке салсаңыз туура болот. Ал Конституциялык кеңешмени эки экс-Президенттер Р. Отунбаева менен А. Атамбаев тең төрагалык тартибинде жетектесе деген сунушумду билдирем.

Алтынчы кеңеш:

Кетирилген каталарды оңдоо күнөө эмес.

Азыркы Конституция менен биз эч качан чыныгы демократиялык, укуктук, мамлекет куралбайбыз. Себеби анын өзүндө мамлекеттик эң жогорку бийлик бутактарын түптөө, шайлоо боюнча демократия жолунан тайып, авторитаризмге, партиялык-коррупциянын пайда болушуна кенен жол ачкан беренелер бар.

Конституциядагы 1-кемчилик эң жогорку бийлик ээлери болгон Президент менен Жогорку Кеңеш эл тарабынан шайланаары бекитилгени менен аткарган иш аракеттери боюнча элге отчеттуулугу, эл алдындагы жоопкерчилиги Конституцияда көрсөтүлбөгөн.

Биз Кыргызстан улутчул-мекенчил күчтөрдүн биримдиги (КУМКБ) — ​эл тарабынан шайланган мамлекеттик бийлик ээлери аткарган иштери боюнча элге жыл сайын бир жолу элдик курултайларда отчет берилишин, Конституциялык статусу бар элдик курултай институту аркылуу ишке ашсын деген сунушту мурдагы Президентке, Жогорку Кеңешке бергенбиз. Биздин пикир боюнча элдик курултай институту, мамлекеттик бийликтин ишин көзөмөлдөөчү жана багыттоочу, эч бир бийлик бутагына кирбеген, өзүн өзү башкарган конституциялык деңгээлдеги саясий коомдук уюм болот. Элдик курултайдын мыйзам чегинде кабыл алынган чечими- элдин эрки катары мамлекеттик бийлик үчүн милдеттүү күчкө ээ.

Өзүнүн аткарган иштери боюнча жыл сайын элге отчёт берген Президент чыныгы демократ, ал эми мамлекеттик бийлик бутактары, эл тарабынан көзөмөлдөнүшүн колдогон мамлекет- укуктук, демократиялык мамлекет болот.

Элдик курултай институтунун Конституцияга бийликти көзөмөлдөөчү жана багыттоочу коомдук саясий уюм катары киргизилишин өзүңүз менен бирге Президенттик шайлоого катышкан 13 талапкердин 9у, экс-Президенттер А. Атамбаев, Р. Отунбаева, СДПК фракциясы да колдоорун билдиришкен.

Жетинчи кеңеш:

Сөзү, ою, жүрөгү эркин депутат, партиясыз, көз карандысыз судья.

Азыркы Жогорку Кеңеш менен сот бийлигине 80–90% эл ишенбей калды, эл өкүлдөрү деп аталган Жогорку Кеңештин депутаттары чындыгында кайсы бир саясий партиянын лидеринин өкүлдөрү. Алар чөнтөгүнө жараша тизмеге киришет да, депутат болот.

Жогорку Кеңешти 100% партиялык тизме менен шайлоо системасы 2007-жылы Максим Бакиевдин тобу тарабынан киргизилгенин жакшы билесиз. Бакиевдердин мындан башка жолу жок эле, алардын бири да эч бир региондон депутат болмок эмес. Көз карандысыз эркин депутаттарды Жогорку Кеңештен тазалоонун бирден бир жолу депутаттарды 100% партиялык тизме менен шайлоо жолу болгон. Алар бийликтин “Ак жол” партиясын түзүп, ага өз жакындарын киргизип, элим-жерим деген эркин, көз карандысыз депутаттарга каршы чара катары партиялык шайлоо системасын пайдаланышкан.

Сиз нечен жолу Кара-Кулжадан көз карандысыз, эркин депутат катары шайлангансыз. Бүгүн Парламентте Кара-Кулжанын элинин депутатымын деп сизге окшоп эркин сүйлөгөн эл өкүлү барбы? Сиздей эле Бишкек-Чүйдүн М. Мукашову, А. Проненкосу, Алайдын И. Исакову менен А. Эркебаеви, Алай-Кара-Суунун А. Келдибекову менен Т. Бакир уулу, Ноокендин Д. Садырбаеви, Өзгөндүн А. Мадумарову, Баткен-Кадамжайдын А. Масалиеви менен Б. Эркинбаеви, Базар-Коргондун Ө. Текебаеви, Нарындын И. Кадырбекову, Ысык-Көлдүн А. Малиеви, Таластын Б. Шерниязовундай депутаттар барбы? Бүгүн Парламентте Атамбаевдин, Бабановдун, Текебаевдин депутаттары гана бар.

Ошол Максим Бакиевдин тобу тарабынан киргизилген шайлоо системасы өлкөдө партиялык коррупцияны жаратты. Эсиңиздеби, 2006-жылы Парламенттеги Реформа үчүн депутаттар тобунун демилгеси менен өткөн Бишкектеги Ноябрь митингинде кабыл алынып, кийин Парламенттен үч окуудан өтүп кабыл алынган, Президент К. Бакиев аргасыз кол койгон Конституцияда (2006-жыл ноябрь) Жогорку Кеңеш 50–50% регионалдык-партиялык шайлоо системасы менен шайланары бекитилген эле.

Убактылуу Өкмөттүн дээрлик көпчүлүгү ошол “Реформа үчүн” кыймылынын жөнөкөй мүчөсү эмес, лидерлеринен болгонуна карабай, 2007-жылы Максим Бакиевдин тобу тарабынан киргизилген шайлоо системасын өзгөртпөй сактап калганы Убактылуу Өкмөттүн кетирген каталарынын эң башкысы. Бул кемчилик 2020-жылкы Конституциялык Реформада оңдолуп, Жогорку Кеңеш 50–50% менен регионалдык-партиялык шайлоо системасы менен куралганы дээрлик элинин көпчүлүгү элет жеринде жашаган Кыргыз мамлекети үчүн туура болот.

Убактылуу Өкмөттүн дагы бир чоң катасы судьяларды тандап алууну же сот системасынын кадр маселесин да парламенттеги саясий партиялардын колуна бергенинде. Сот адилеттигинин эң башкы принциптери- бул судьялардын көз карандысыздыгы жана эч бир партияда болууга тыюу салынгандыгы, бул Конституциялык ченем. Судьяларды тандап алуу кеңеши Парламенттеги партияларга берилгендиктен, судья болуп кайсы бир партиялардын мүчөлөрү депутаттарга окшоп эле, чөнтөгүнө жана партиянын лидеринин көз кырына жараша тандалып алынат.

Судьяларды тандап алуу мамлекет башчысы президент тарабынан түзүлүүчү Улуттук кеңешке берилип, жергиликтүү соттун судьялары тийиштүү райондогу жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан шайланса деген кеңешти берет элем. Мындан сырткары сот адилеттигин жүргүзүүдө эл өкүлдөрүнүн катышуусун камсыздоо үчүн- арачачы соттор (суд присяжный) институту аркылуу камсыз кылуу сиз экөөбүз депутат болуп жүргөндө – 2007-жылы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизилсе да иштебей турат.

Акыркы 7 жылда укук коргоо, прокуратура, тергөө органдары мурда болуп көрбөгөндөй башаламандыкка кабылды. Тергөө системасы негизинен Өкмөттүн курамындагы атайын кызматка-Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК)- АКСке берилип – илгерки Бериянын заманы жаралды. Азыр УКМК каалаган адамын мыйзамсыз угуп, тыңшап, жаздырып, аңдып кааласа жасалма арыздар, маалыматтар менен кылмыш иш козгоп, мыйзамсыз факты, далилдерге сот, прокуратура аркылуу мыйзамдуу боёк берип, өзү токуган кылмыш иштерди сотторго: мындай тартипте карап, мындай чечим чыгарасың- деп буйрук бере алат, себеби УКМК-АКСтин артында мыйзам, Конституция эмес “эң күчтүү” адам турарын АКС эң күчтүү адамдын жарлыгы менен Конституцияга каршы болсо да жаралганын жана ошол адамга гана баш ийерин соттор, прокурорлор жакшы билишет.

Тергөө органы – атайын кызматтан, аткаруу бийлигинен өзүнчө көз карандысыз мамлекеттик тергөө органы катары Конституциялык деңгээлде чечилиш керек. Россиядагы тергөө комитетине окшоп. Ар бир укук коргоо органдарынын өз функциялары, мисалы, ИИМ – коомдук тартип жана коопсуздук; УКМК – улуттук коопсуздук, ички, тышкы чалгындоо, терроризм менен күрөшүү; Прокуратура – мыйзамдуулукту сактоо, жалпы көзөмөл; Тергөө комитети – тергөө иштерин жүргүзүү ж. б. ушул сыяктуу так бөлүнгөн функцияларды аткарыш керек. Укук коргоо органдарынын жетекчилигине ошол тармакта бир күн иштебеген Президенттердин өз жакындарын дайындоо практикасы токтотулушу керек. Ал тармактардын жетекчилери болуп, ошол тармакта өсүп жетилген кесипкөйлөр иштегени туура.

Урматтуу Президент, азыркы Конституция боюнча Президент өзүнө баш ийген карателдик органды түзүүгө укугу жок. Экс-Президент Атамбаев өз жарлыгы менен Конституцияга ылайык эмес АКСти түзүп алган. Сиз аны жоюшуңуз же Конституцияга ылайык келтиришиңиз керек.

Сегизинчи кеңеш:

Үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган.

70 жыл Совет доорунда топтолгон элдин байлыгы, Акаевдин мезгилинде өз жакындарына ит бекер берилип, чачылып, сатылып, жок болгонун жакшы билесиз. Короо-короо мал сарайлары менен, завод-фабрикалар, ишканалар контора-объектилери, техникалары, жерлери менен айрым адамдардын менчигине айланды. Кумтөр, Жер үй ж. б. алтын кеңдери баш болуп кен байлыктарыбыз чет элдиктердин колунда дүйнөлүк рынокто колдон колго өтүп, соодаланып жүрөт. Саясий шарттар менен сырттан келген миллиарддалган доллар өлчөмүндөгү кредиттер кимге берилгени билинбей, элдин мойнуна түштү. Мунун бардыгы коррупциялык жол менен мурдагы бийликтер тарабынан чачылды, уурдалды, бүлүндү.

Башкасын айтпаганда да Кумтөр алтын кени коррупциянын туу чокусу, далили катары дагы деле иштеп жатат. Мамлекеттик, Парламенттик деңгээлде 2009-жылкы Кумтөр алтын кени боюнча түзүлгөн келишим- Кыргызстандын эгемендигин чектеген, кызыкчылыгын көздөбөгөн, Кыргызстандын Конституция мыйзамдарынан жогору күчкө ээ болгон коррупциялык келишим катары расмий таанылганы менен (2012–2013ж.ж.) Жогорку Кеңеш тарабынан денонсация болгон жок. Мындай өзгөчө оор кылмышты айтып чыккандар кылмышкер, ал эми аны бузбай коргоп, сактап жүргөндөр дагы деле бийликте. Акыйкаттык кайда? Бул маселе эки элдик революциянын талабы болсо да, аткарылган жок, ошондон улам эки элдик революция тең толук максатына жеткен жок деп эл нааразы. Сиз коррупция менен күрөшүүнү Бабановдон баштайм дедиңиз эле, бул менимче туура эмес, кайсы бир саясатчыны же кимдир бирөөнү карателдик жол менен садага чабуудан коррупция азайбайт, мен сизге башка кеңеш берет элем: коррупция менен күрөшүүнү анын түнөгүн, тамырын издөөдөн, табуудан баштаңыз, анын тамыры түнөгү сиз олтурган кабинетте жана Ак үйдүн жетинчи кабатында.

Бул маселелерди чечүү үчүн өзүңүзгө баш ийген атайын комиссия түзүп, чыныгы коррупционер менен чыккынчыларды, прихватизатор-ууруларды аныктап, аларды кустуруу жолун колдонуңуз. Мурдагы коррупциялык келишимдерди буздуруу, уурдалгандарды кайтаруу, ууру-коррупционерлерди кустуруу жолун — ​Грузияда М. Саакашвили, Россияда В. Путин ийгиликтүү жүргүзгөн. Бизде да эки элдик революциядан кийин кыска мөөнөтө (5 ай) иштер жүргүзүлүп бирок аягына чыгарылбаган.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, мурдагы Президенттерден сизге мурас катары калган: үзүлгөндү улай, чачылганды жыйнай, бүлүнгөндү бүтүрө турган, тарыхый улуу иштер арбын. Чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган Президент катары тарыхта калганга толук мүмкүнчүлүгүңүз бар. Ал үчүн албетте сизге бакубат ден соолук, күчтүү эрк, анан элдин колдоосу керек. Эгер сиз өз ишиңизди жогоруда кеңеш катары аталган макалдардын терең философиясы менен чын ихластан, адилеттүүлүк үчүн баштасаңыз, элиңиз колдоп берет. Мунун баары өзүңүздүн колуңузда. Сизге чын жүрөгүмдөн ийгилик каалайм.

Сизди урматтап:

Азимбек Бекназаров

Булак: “Жаңы ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − 78 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: