Menu

Видео – Сооронбай Жээнбеков Инстаграммдагы баракчасынан Алмаз Атамбаевди достуктан чыгарып салды

Бөлүшүү:

КР Президенти Сооронбай Жээнбеков менен экс-президенти Алмаз Атамбаевдин да дүйнөлүк саясатчылар сыяктуу эле Инстаграмм социалдык тармагында расмий баракчалары бар. Ал жерге алар татынакай жакшы сүрөттөрүн жарыялап турушат. Россиянын экс-президенти жана азыркы премьер-министри Дмитрий Медведев сыяктуу алар өз баракчаларын өздөрү иштетет деп ишенели. Анткени алардын баракчалары экени расмий катталган. Сооронбай Жээнбеков инстаграммга 200гө жакын сүрөтүн жүктөп, 58 миңден ашык жазылуучу (дос) топтогон. Ал эми өзү бир эле кишиге – экс-президент Алмаз Атамбаевдин гана баракчасына жазылып, аны жападан-жалгыз дос катары кармаган. Ал эми Алмаз Атамбаев Инстаграммдагы баракчасына 700дөн ашык сүрөтүн киргизип, 158 миң жазылуучу (дос) жыйнаган. Өзү болсо бир эле Сооронбай Жээнбековдун гана баракчасына жазылган.

10-март күнү Мыктыбек Аскарбеков аттуу колдонуучу бул эки достун баракчаларын видеого тартып, Ютуб каналына жарыялаган болучу.

Ал эми бүгүн, 24-мартта саясатчы-блогер Эдил Байсалов өзүнүн Твиттердеги баракчасына минтип жазды: “Өлкөдөгү абал жетер-жерине жетти, мындан ары барар жол жок… Достордун мамилелериндеги кризис эми ачык кагылышууга чейин өсүп жетти… Бири-биринен кол үзүштү. Сооронбай Жээнбеков бүгүн Атамбаевди Инстаграммдагы баракчасынан достуктан (тарапкердиктен-анфолловил) чыгарды…” деп жазды.

Биз дароо эле Сооронбай Жээнбековдун Инстаграммдагы баракчасына кирсек чын эле өзүнүн жападан-жалгыз фолловери (досу) Алмазбек Атамбаевди баракчадан өчүрүп салыптыр(анфолловил). Ал эми Алмазбек Атамбаевдин баракчасына кирсек ал жерде мурдагыдай эле өзү жазылган жападан-жалгыз фолловери – Сооронбай Жээнбеков бажырайып турат. Кыязы Атамбаев достуктан өчүрүлгөнүн байкай элек го деп ойлодук.

Досу Алмаз Атамбаевдин “кол балдары” алардын короосуна таш ыргытып, ачыктан-ачык каралоо иштери жүрө баштагандан кийин же болбосо Байсалов жазгандай “Атамбаев резиденциядагы президенттин дачасына кызып алып келип “сени мен президент кылгам!” деп жулунуп кыйкырса Жээнбеков деле адам да “жетишет, ушундан кийин дос болуп олтуруунун кажети барбы?” десе керек.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: