Menu

Казактар депутат Дамирбек Асылбек уулуна жолугууга барган кыргыз депутаттарын жолотпой коюшуптур

Бөлүшүү:

Мүйүздүү болом деп кулагынан айрылган депутат Дамирбек Асылбек уулуна  жолугууну каалаган “Кыргызстан” фракциясынын  зл өкүлдөрү ындыны сууп калганы билинди. Көрсө жактоочу тапкандарды, акыбалын сурагысы келгендерди жакын жолотпой коюшуптур казактын күч түзүмдөрү. Анткени Дамирбек казак жараны экенинен  ушундай “трагедияга”  тушугуптур парталаштары. Муну фракциянын лидери Алмазбек Баатырбеков да тастыктады.

Чынында эле  көмүскө иштер менен шугулданган спортчу депутаттын  эмне оокат аркылуу жашаганын жакын санаалаштары, бир туугандары, достору  билбей калыптыр дегендин өзү апыртма десек болот. Билсе да билмексен болууга баары кызыктар. Ал тургай баракелде деп ага тымызын суктангандар болгону деле ырас. Аны  негизги каарман кылып  көрсөтүүгө ашыккандардын деле ниети  эмнеде болгонун сезүүгө анча акылдын кереги жок.  Эки тоонун чөбүн жегиси келген эчкинин  тагдыры кандай болорун түшүндүрүүнүн кажети барбы? Кандай болгон күндө да  бул жигиттин  жасаган “эрдиги” өзүнө тескери жагдайды жаратты. Көрсө акчанын кудурети аркылуу ойлогонума жетем дегендин кесепети катуу тийет турбайбы. Арам жол аркылуу жанын багып жүргөн кыйындарга бул сабак болоруна деле көмөнүбүз бар. Анткени мындайлар жергебизде таракандай жайнап кеткен. Бирок,чекесинен торго түшө баштаганы  үмүтүбүздү жандырууда.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: