Өзбекстан жогорку чыңалуудагы «Сурхон – Пули – Хумри» электр өткөрүү линиясын курууга киришти. Ооганстан аймагындагы иштер июль айында башталат.
«Узбекэнерго» ишканасынын төрагасы Улугбек Мустафоев билдиргендей, 260 чакырым узундуктагы линия курулса, Өзбекстан Ооганстанга электр кубатын жеткирүү көлөмүн 70% көбөйтөт. Долбоордун болжолдуу наркы 150 миллион доллар, анын ичинен 32 миллион долларын өзбек тарап берет.
«Келечекте бул линия электр энергиясын жеткирүүнү 70% пайызга жогорулатып, Пакистанга чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Башкача айтканда, жаңы рынок пайда болот», – деди Мустафоев.
Анын айтымында, линия үч жылда курулуп бүтөт жана 15 жылда өзүн актайт. Өзбекстан аймагында курулуш-монтаж иштери башталды.
Ташкент менен Кабул жогорку чыңалуудагы «Сурхон – Пули – Хумри» электр энергиясын өткөрүү линиясын куруу боюнча келишимге 2017-жылы декабрда ооган президенти Ашраф Ганинин сапары учурунда кол коюшкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ