Menu

Түркмөнстанда парламенттик шайлоого жарандардын 90% ашыгы катышты

Бөлүшүү:

Расмий маалыматтар боюнча жекшембиде өткөн Түркмөнстандагы парламенттик шайлоого жарандардын 91,7 пайызы катышты.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы Ашхабаддагы булактарына таянып, добуш берүү күнү шайлоочулардын анчалык активдүүлүгү байкалбаганын билдирди. Шайлоо тилкелерине барган адамдар ар бир 10-15 мүнөттүн ичинде добуш берүүгө 1-2ден гана киши келип жатканын айтышты.

Шайлоого талапкер катары үч партиянын мүчөлөрү жана бир канча партиясыз адамдар катышты. Алардын бардыгы өлкө башчы Гурбангулы Бердымухамедовго лоялдуулугун билдирип келишет. Талапкерлердин арасында президенттин 36 жаштагы уулу Сердар Бердымухамедов дагы болду. Айрым жергиликтүү байкоочулар атасы аны мураскерликке даярдап жатат деп эсептеп келишет. Акыркы кездери парламенттин учурдагы депутаты Сердар Бердымухамедов өлкөдөгү расмий жана бейрасмий иш-чараларга көп катышып, Түркмөнстандын расмий делегация курамында чет өлкөлөргө чыгып келүүдө.

Азырынча шайлоонун жыйынтыктары жарыялана элек.

Кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Freedom House эл аралык уюмунун саясий жана жарандык эркиндик боюнча рейтингинде Түркмөнстан акыркы 12 өлкөнүн катарына кирет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 89 = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: