Menu

Екатеринбургдан 300дөй жүргүнчү Тажикстанга учуп кете албай калды

Бөлүшүү:

Орусиялык “Урал авиалиниялары” авиакомпаниясынын 300дөн ашуун жүргүнчүсү 26-мартта Екатеринбургдагы Кольцово аэропортунан Тажикстанга учуп кете алган жок.

Екатеринбург-Худжанд жана Екатеринбург-Душанбе каттамына билет алган жүргүнчүлөр аэропортто 13 саат отурушкан. Тажик бийлиги “Урал авиалиниялары” компаниясынын бул учууларына уруксат берген эмес.

Екатеринбург- Душанбе жана Екатеринбург-Худжанд каттамдары 27-мартка жылды. “Урал авиалиниялары” компаниясынын маалымат катчысы Марина Карпенко жүргүнчүлөр мейманканага жайгаштырылып, үч маал тамак менен камсыздалганын билдирди. “Каттамдар авиакомпания жетекчилери жана Тажикстан бийлигинин ортосундагы түшүнбөстүктөрдөн улам кийинкиге жылды”, – деп билдирди ал.

12-марттан бери Пермь, Краснодар, Челябинск шаарларынан жана Москвадагы “Жуковский” аэропортунан “Урал авиалиниялары” компаниясынын учактары Тажикстанга уча албай калган.

Буга Орусия жооп катары өзүнө жараша чара көрүлөрүн эскерткен.

Орусия Транспорт министрлиги бул боюнча 22-23-мартта Москвада сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даяр экенин билдирген. Бирок ага чейин орус авиакомпаниясынын учууларына уруксат берүүнү сураган. Тажикстан бийлиги тең укуктуулук принцибине байланыштуу “Урал авиалиниялары” компаниясынын айрым багыттагы учууларына уруксат берилбейт деп көшөрүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: